«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
29-Сен, 2021
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо кайсы күнгө дайындалды?
28-Сен, 2021
"Талапкер" маалымат порталы деген эмне
28-Сен, 2021
КРда шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми
28-Сен, 2021
Талапкерлерди көрсөтүү, документтерди тапшыруу, ошондой эле талапкер жөнүндө маалыматтарды кароо тартиби
28-Сен, 2021
Добуш берүүдо шайлоо комиссияларынын жыйынтыктарды чыгаруу тартиби
28-Сен, 2021
Шайлоо комиссиялары деген эмне – жана алардын негизки укуктук абалы
28-Сен, 2021
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби
28-Сен, 2021
Шайлоодогу жаңы талаптар КЕЧ ЭМЕС
28-Сен, 2021
Парламенттик шайлоого даярдыктар КЕЧ ЭМЕС
28-Сен, 2021