«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
11-Окт, 2021
Шайлоо процессин программалык-техникалык жактан камсыздоо
08-Окт, 2021
Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Талас облусунда болуп отту
08-Окт, 2021
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого даярдык көрүүдө бардык чараларды көрүү тапшырылды
08-Окт, 2021
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого даярдык көрүүдө бардык чараларды көрүү тапшырылды
08-Окт, 2021
КРдагы укук коргоо органдарынын окулдору учун атайын окутуулар уюштурулду
08-Окт, 2021
КРнын аймактарындагы укук коргоо органдарына мыйзам бузууларга чара көрүү тартибин түшүндүрүштү
07-Окт, 2021
Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрдү
07-Окт, 2021
Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү
07-Окт, 2021
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жалал-Абад облусундагы ЖМКнын окулдору учун атайын тренинг уюштурулду
06-Окт, 2021