«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
21-Окт, 2021
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады.
21-Окт, 2021
КР БШК жаш ыктыярчыларды чакырат!
21-Окт, 2021
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жаш ыктыярчыларды чакырат!
21-Окт, 2021
Добуш беруунун ишенимдуулугун жана ачыктыгын АЭУ камсыз кылат
21-Окт, 2021
Добуш беруунун ишенимдуулугун жана ачыктыгын автоматтык эсептоо урналары (АЭУ) камсыз кылат
20-Окт, 2021
КР БШК маалымдайт:
20-Окт, 2021
“КР БШКнын күндөлүктөрү”
20-Окт, 2021
2021-жылдагы ЖКга шайлоодо талапкерлер үчүн тең укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө
20-Окт, 2021
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалаган Крнын ЖКнын депутаттарын шайлоого даярдыктар
20-Окт, 2021