Башкы Видео «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке …

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.

Башка видеолор

Мигранттар - кайрылуу
00:58
03-Ноя, 2021

Мигранттар - кайрылуу

Мигранттардын кайрылуусу
01:05
03-Ноя, 2021

Мигранттардын кайрылуусу

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери кандай отушу керек?
01:51
03-Ноя, 2021

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери кандай отушу керек?

"КР БШКнын кундолуктору"
01:53
03-Ноя, 2021

"КР БШКнын кундолуктору"

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.
01:09
02-Ноя, 2021

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.
01:21
02-Ноя, 2021

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендеги орундарды аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.

Шайлоону өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу
01:20
02-Ноя, 2021

Шайлоону өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу
01:16
02-Ноя, 2021

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу

КР БШК маалымдайт
03:20
01-Ноя, 2021

КР БШК маалымдайт

БШК майыптыгы бар жарандардын добуш берүү укугун камсыздоодо
03:40
01-Ноя, 2021

БШК майыптыгы бар жарандардын добуш берүү укугун камсыздоодо

1 32 34 80