«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
10-Ноя, 2021
«ШАЙЛООНУН ТАЗАЛЫГЫН КАМСЫЗДООЧУ НЕГИЗГИ ФАКТОРЛОР»
08-Ноя, 2021
"Парламенттик шайлоого карата даярдыктар"
08-Ноя, 2021
КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо
04-Ноя, 2021
Боршайком маалымдайт:
04-Ноя, 2021
КР БШК маалымдайт (3-ноябрдын чыгарылышы):
04-Ноя, 2021
Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү кантип тактасаңыз болот?
04-Ноя, 2021
Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү. Шайлоо 2021
04-Ноя, 2021
-
04-Ноя, 2021
Биометрикалык каттоону киргизуу "Бир шайлоочу - бир добуш" принципти камсыздайт
04-Ноя, 2021