«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
26-Ноя, 2021
КР БШК 15 гезитке бардык 1 311 талапкер жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялады
26-Ноя, 2021
ЦИК КР обучила 7,1 тыс операторов идентификации ко дню голосования
26-Ноя, 2021
ЦИК КР опубликовала сведения обо всех 1 311 кандидатах и правилах заполнения избирательного бюллетеня в 15 газетах.
26-Ноя, 2021
КР БШК добуш берүү күнүнө карата 7,1 миӊ идентификациялоочу операторду окутту
26-Ноя, 2021
Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыгынын ишенимдүүлүгү кантип камсыздалаарын көрсөтүштү
26-Ноя, 2021
КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү: Добуштарды саноо
26-Ноя, 2021
КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү: Добуш берүүнүн жүрүшү
25-Ноя, 2021
КР БШК маалымдайт (24-ноябрдагы чыгарылыш)
25-Ноя, 2021
КР БШК маалымдайт (24-ноябрдагы чыгарылыш)
25-Ноя, 2021