«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
11-Фев, 2022
Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлер шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
11-Фев, 2022
КРнын ЖКнын Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин дебаты: № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу
10-Фев, 2022
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Токтокожоев Таалайбек Самудиновичтин жеке кайрылуусу
10-Фев, 2022
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Мамбетсадыков Азамат Нурбековичтин жеке кайрылуусу
10-Фев, 2022
Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз
10-Фев, 2022
2022-жылдын 16-февралына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз
09-Фев, 2022
БШК: Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгү аныкталды
08-Фев, 2022
Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн жана акысыз обо убактысынын кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү
08-Фев, 2022
БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
08-Фев, 2022