«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
01-Апр, 2022
Добушунду сатпа!
01-Апр, 2022
Добушунду сатпа!
01-Апр, 2022
Оз тандоонузду жасай турган учур келди!
01-Апр, 2022
Оз тандоонузду жасай турган учур келди!
01-Апр, 2022
Сиздин тандоонуз – биздин жалпы келечегибиз!
01-Апр, 2022
Сиздин тандоонуз – биздин жалпы келечегибиз!
30-Мар, 2022
КР БШК региондорго шайлоо бюллетендерин жөнөттү
30-Мар, 2022
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНДЕРИ РЕГИОНДОРГО ЖӨНӨТҮЛДҮ
24-Мар, 2022
Мен эмнеге шайлоого барам?
24-Мар, 2022