Кайрылуу / Обращение №8

Амиракулов Келдибек Молдобаевич

катар № 8
АШК/БШКга келип түшкөн күнү 19.11.2019
Кайрылуунун түрү Кайрылуу / Обращение
Арыз ээси жөнүндө маалымат Амиракулов Келдибек Молдобаевич
0778645859
Кыскача мазмуну
Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Амирбай уулу Жыргалбектин депутаттык мандаты тууралуу маалымат берүү жөнүндө
БШК Жумушчу тобунун кароо күнү жана ЖТнын чечими
2019-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган Мыйзамдын 3-беренесинин 10-пунктуна ылайык, жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Кара-Бак айылдык кеӊешинин депутаты Амирбай уулу Жыргалбек айылдык кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык себепсиз катышпаса, жергиликтүү кеӊеш анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча, аймактык шайлоо комиссиясына кароого сунуш берүүсү керек, өз кезегинде аймактык шайлоо комиссиясы айылдык кеӊешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн. ЖТнын чечими
Сотко даттануу болгонбу
жок