Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
РЕГЛАМЕНТИ
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14 августундагы № 77 токтому менен бекитилген)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) ишмердигин жүзөгө ашыруунун тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык статусу бар туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат жана өз ишмердигин мыйзамдуулук, айкындуулук, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиялуулук, адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын референдумдарын (бүткүл элдик добуш берүү) уюштурат жана өткөрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында шайлоо комиссияларынын жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын системасын жетектейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын аткаруунун алкагында ведомстволор аралык жана ички жумушчу топторду түзөт, ошондой эле алардын ишмердигин координациялайт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана анын ишмердигине тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ушул Регламент менен жөнгө салынат,
5. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишмердигин мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан көз каранды болбостон жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигине кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары, саясий партиялар (алардын өкүлдөрү), коммерциялык эмес уюмдар, талапкерлер (алардын өкүлдөрү), байкоочулар, демилгечи топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жайгашкан жери (почта дареги): 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50.
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты – www.shailoo.gov.kg.
8. Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын башка укуктук актылары менен аныкталат.
2-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдарда Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан чыгат;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин уюштурат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын чакырат жана анда төрагалык кылат;
4) анын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт;
6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
7) Борбордук шайлоо комиссиясынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт;
8) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчилик кылат;
9) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларынын, аппаратынын, төмөн турган комиссиялардын ишмердигин координациялайт жана контролдойт;
10) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдарынын сметасын бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, ишке тартылган кызматкерлерди жумушка алуу боюнча эмгек келишимин түзөт, өзгөртөт жана токтотот;
12) шайлоо комиссияларынын ишмердигин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечет;
13) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө маалымдайт жана аларды кароо боюнча ишти уюштурат;
14) ар бир жылдын 1-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет;
15) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларына, аппаратынын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлайт, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардак жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандарды жеке кабыл алат жана алардын кайрылууларынын каралышын контролдойт;
18) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштурат;
19) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок учурда (ооруп калганда, иш сапарында жүргөндө, эмгек же башка өргүүлөрдө жүргөндө ж. б.) анын ыйгарым укуктарын аткаруу төраганын буйругу менен төраганын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана анын орун басарларынын бир эле мезгилде жумуш ордунда болбошуна жол берилбейт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары:
1) ушул Регламентте каралган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдеттерин аткарышат;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырууну уюштурушат, шайлоолордун жана референдумдардын маалыматтык өнөктүгүн координациялашат, коомчулук менен байланыш түзүшөт;
3) белгиленген тартипте жарандарды кабыл алышат;
4) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмаларды беришет.
12. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тапшырмасы боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишмердигин контролдоого жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө;
2) жумушчу топтордун жетекчиси болуп дайындалган учурда алардын ишин координациялоого, ошондой эле шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төрага менен макулдашып Борбордук шайлоо комиссиясынын бланкындагы расмий каттарга кол коюуга жана аларды шайлоо процессинин субъекттерине жиберүүгө;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү сунуштарды белгиленген тартипте тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизүүгө укуктуу.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер менен катар: милдеттүү
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо жыйналыштарга жеке өзү катышууга;
2) жыйналыштарда каралуучу маселелер боюнча добуш берүүгө;
3) жүйөлүү себептер (ооруп калгандыгы, иш сапарында жүргөндүгү, эмгек же башка өргүүлөрдө жүргөндүгү ж. б.) боюнча жыйналышка катыша албай тургандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына кабарлоого;
4) шайлоолор, референдумдар маселелери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого активдүү катышууга;
5) төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну жүргүзүүгө;
6) белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын, алардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын кабыл алууга жана кароого милдеттүү.
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда келип чыккан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жобосуна жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу жана ишмердигинин негизги кепилдиктери “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат.
3-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары
16. Зарылдыгына жараша, бирок шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аптасына бир жолудан кем эмес өткөрүлө турган Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары анын ишмердигинин уюштуруучулук формасы болуп саналат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы төрага тарабынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
17. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү бардык маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралат. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары ачык жана айкын өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарынын уюштурулушун камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
Жыйналыштар Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тармактарында түз эфирде көрсөтүлүшү мүмкүн.
18. Эгерде жыйналышка Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын алтыдан кем эмес мүчөсү катышса, жыйналыш укук ченемдүү болуп саналат.
Жыйналышта кворум болбой калганда төрагалык кылуучу белгилүү бир мөөнөткө, бирок 30 мүнөттөн ашпаган тыныгуу жарыялайт.
Эгерде тыныгуудан кийин кворум камсыз кылынбаса, жыйналыш жылдырылат.
19. Жыйналыштар Борбордук шайлоо комиссиясы туруктуу жайгашкан жерде же көчмө жыйналыш өткөрүү жолу менен өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары зарыл болгондо видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү видеоконференция байланышын пайдалануу менен жыйналышка катышкан учурда тиешелүү жыйналышка катышты деп эсептелет.
Жыйналыштын күн тартибине жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана (же) добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо, протоколдорго жана жыйынды таблицаларга кол коюу жөнүндө маселелер киргизилген учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жеке өзү катышат жана тиешелүү документтерге кол коёт.
20. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына аппарат жетекчиси, төраганын кеңешчиси, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жыйналыштын күн тартиби боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларынын долбоорлорун даярдаган кызматкерлер катышууга милдеттүү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредитацияланган же чакырылган өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, демилгечи топтордун өкүлдөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар катышууга укуктуу.
21. Жыйналышты өткөрүү датасы жана убактысы төрагалык кылуучу тарабынан белгиленет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы жана убактысы жөнүндө кабарлоо аппарат тарабынан жыйналышка чейин кеминде бир күн мурда камсыздалат. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде билдирүү жыйналыш өткөрүлгөн күнү жиберилиши мүмкүн.
22. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартиби аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүгү тарабынан даярдалат, документтердин долбоорлору жыйналыш башталганга чейин бир күн мурда таанышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таркатылат. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде документтер жыйналыш өткөрүлгөн күнү берилиши мүмкүн.
23. Жыйналыштын күн тартибинин долбооруна жыйналышта каралууга тийиш болгон маселелер, аларды кароонун кезектүүлүгү, ар бир маселени даярдоого жооптуу болгон баяндамачылар, кошумча баяндамачылар, ошондой эле башка маалымат киргизилет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси төраганын, төраганын орун басарларынын тапшырмасы боюнча же Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине жыйналыштын күн тартибине киргизилген ар бир маселе боюнча зарыл болгон материалдарды даярдоону тапшырат.
Аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси карала турган маселе боюнча материалдарды даярдайт жана аларды тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен макулдашат, белгиленген тартипте визаларды чогултууну уюштурат жана аларды аппараттын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүп берет.
Жыйналышка даярдалган долбоорлорго аткаруучу, жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, аппараттын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн эксперт-лингвисти, аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси, аппарат жетекчиси жана төраганын орун басары виза коёт.
24. Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча берилген материалдар:
- токтомдордун же чечимдердин (жоболордун, нускамалардын, регламенттердин, эрежелердин, тартиптердин, катышуучулардын тизмелеринин ж. б.) долбоорлорун жана аларга тиркемелерди;
- каралуучу маселени ар тараптуу талдоо жана объективдүү баалоо үчүн зарыл болгон финансылык-экономикалык жана башка эсептерди, маалымдамалык жана аналитикалык документтерди;
- долбоор менен колдонуудагы актыларга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле алар күчүн жоготту деп таанылганда салыштырма таблицаларды камтыйт.
Аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жыйналышка киргизилүүчү материалдардын мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана сапаты, ошондой эле берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
25. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизилүүчү материалдарды чогултууну жана жыйналышты даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларын аппараттын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү жүзөгө ашырат.
4-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын өткөрүү тартиби
26. Аппараттын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана жыйналышка катышуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан чакырылган адамдарды каттайт жана төрагалык кылуучуга бул тууралуу маалымдайт. Чакырылган адамдар жөнүндө маалымат жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелерге ылайык кезектүүлүк тартибинде төрагалык кылуучу тарабынан жарыяланат.
27. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун талкуулоодон башталат. Жыйналыштын күн тартиби жыйналышка катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилген маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча жыйналыштын күн тартибинен алынып салынышы мүмкүн.
28. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында төрагалык кылуучу:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын өткөрөт;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоону уюштурат, аларды добушка коёт;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга кезектүүлүк тартибинде сөз берет;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бардык сунуштарын алар келип түшкөн тартипте добушка коёт;
- акыркы болуп добуш берет;
- добуш берүүнүн натыйжаларын жарыялайт;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана чакырылган адамдар тарабынан ушул Регламенттин жоболорунун сакталышын камсыз кылат;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын ишине тоскоолдук кылган чакырылган адамдарды жыйналыштар залынан чыгаруу жөнүндө маселени добушка коёт.
29. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн, башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы баяндамачылар жана кошумча баяндамачылар менен макулдашылып белгиленет жана эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери менен башкача белгиленбесе: баяндама үчүн – 20 мүнөткө чейин, кошумча баяндама үчүн – 10 мүнөткө чейин, корутунду сөз үчүн – 5 мүнөткө чейин, чыгып сүйлөө үчүн – 3 мүнөткө чейин, маалыматтарды берүү, кайрылуулар үчүн – 2 мүнөткө чейин болууга тийиш.
Төрагалык кылуучу жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун жалпы узактыгын, ошондой эле суроолорго жана жоопторго бөлүнгөн убакытты өзгөртүшү мүмкүн.
30. Кошумча баяндамачы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселенин мүнөзүнө жараша төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жана жумушчу топтордун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрү, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү ишеним кат боюнча кошумча баяндамачылар катары чыгышы мүмкүн.
Даттанууларды жана арыздарды кароодо арыз ээлери жана кызыкдар тараптар кошумча маалымат бере алышат.
Шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарын угууда алардын өкүлдөрү баяндамачылар катарында чыгышат.
31. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы мамлекеттик тилде өткөрүлөт (зарыл болгондо расмий тилде өткөрүүгө жол берилет).
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында стенограмма, ошондой эле видео жана аудио жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
32. Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизиле турган маселелерди даярдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери, адистер жана эксперттер кирген жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
5-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында добуш берүүнүн тартиби
33. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери анын жыйналыштарында ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Ачык добуш берүү кол көтөрүү жолу менен, ал эми жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Жашыруун добуш берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ушундай чечим кабыл алынгандан кийин өткөрүлөт.
34. Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү добуш берүүдө бир добушка ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйналышта каралып жаткан маселелер боюнча жеке добуш беришет.
Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдөн карманууга укуксуз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналышта жыйналыштын күн тартибиндеги маселе же токтомдун долбоору (чечимдер, жоболор, нускамалар, регламент, эрежелер, тартип) боюнча өз пикирин айтууга жана жазуу жүзүндө баяндалган өз пикирин тиешелүү маселени кароодо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жеткирүүгө жана жыйналыштын протоколуна тиркөөгө укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине макул болбогон Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралууга, протоколдо чагылдырылууга жана ага тиркелүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бир убакта жарыяланууга тийиш жана ал кабыл алынган чечимге каршы добуш берген жыйналыш өткөн күнү протоколго кол коюлганга чейин берилет.
35. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналыштын күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүдө көз карандысыз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө жыйналыштын күн тартибиндеги маселени ар тараптуу, толук жана объективдүү кароого тоскоолдук кылуу же оң чечимге жетишүү максатында ага ар кандай таасир көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү жоопкерчиликти алып келет.
6-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин кабыл алуу тартиби
36. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы тарабынан кабыл алынат.
Жыйналыштын күн тартибиндеги маселени кароонун натыйжалары боюнча даярдалган токтомдун жана чечимдин (жобонун, нускаманын, регламенттин, эрежелердин, тартиптин) долбоору жалпысынан же талкуунун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөр менен кабыл алынат, болбосо маселени кароону жылдыруу же жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
37. Жыйналышта төрагалык кылуучу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн талабы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирген жана жыйналышта каралып жаткан кандай гана маселе боюнча болбосун бекитилген жыйналыштын күн тартибине ылайык добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү.
38. Борбордук шайлоо комиссиясынын актылары чечим же токтом формасында кабыл алынат жана аларга төрага же анын милдеттерин аткаруучу адам кол коёт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын жүрүшүндө келип чыккан жол-жобо маселелери боюнча;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын (талапкерлердин, саясий партиянын, демилгечи топтун, шайлоочулардын ж. б. у. с.) укуктарына, милдеттерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү болгон маселелер боюнча;
- шайлоо процессинин субъекттеринин даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын жана суроо-талаптарын кароо маселелери боюнча;
- шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө келип чыккан жана талапкерлерди көрсөтүү – каттоо, каттоодон баш тартуу, каттоосун жокко чыгаруу, ошондой эле башка шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору:
- шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн жалпы жана милдеттүү мүнөзгө ээ болгон ченемдик жана жөнгө салуучу мүнөздөгү маселелер боюнча;
- шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну жана өткөрүүнү жөнгө салуучу тартиптерди, жоболорду, нускамаларды жана башка ченемдик актыларды бекитүүдө;
- төмөн турган шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка субъекттери үчүн аткарууга милдеттүү болгон эрежелерди белгилөөдө;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин расмий чечмелөөдө жана колдонулушун түшүндүрүүдө;
- шайлоо процессин усулдук жана уюштуруучулук камсыздоо маселелери боюнча (мисалы, шайлоо документтеринин формалары, добуштарды саноо эрежелери, шайлоочуларды маалымдоо тартиби ж. б.);
- шайлоонун натыйжаларын ишке ашыруу, анын ичинде шайланган Президентти, шайланган депутаттарды каттоо, депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу маселелери, айрым шайлоо участоктору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу менен байланышкан маселелер боюнча жана шайланган депутаттардын статусу менен байланышкан башка маселелер боюнча кабыл алынат.
39. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулуучу протокол жүргүзүлөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана катчы кол коёт.
Жыйналыштын протоколунда:
- жыйналыштын күн тартиби;
- жыйналышка катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана башка чакырылган адамдар жөнүндө маалымат;
- талкууга киргизилген маселелердин кыскача мазмуну;
- чыгып сүйлөгөндөр жана/же өз пикирин айткандар жөнүндө маалымат;
- добуш берүүнүн натыйжалары, ар бир каралган маселе боюнча кабыл алынган чечимдер көрсөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолордун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө протоколдоруна жыйналышка катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
40. Жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсине же кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте маалымдайт, алардын суроо-талабы (арызы) боюнча аларга чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
41. Чечимдин же токтомдун долбоорун кароодо Борбордук шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн же жумушчу топтун, ушул долбоорду даярдаган аппараттын кызматкерлеринин талкууланып жаткан маселе боюнча маалыматын угат жана талкуу жүргүзөт.
Талкуудан кийин чечимдин же токтомдун долбоору “негизинен” же “жалпысынан” добушка коюлушу мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими боюнча чечимдин же токтомдун долбооруна пункттар же бөлүктөр боюнча добуш берилиши мүмкүн.
Сын-пикирлер болбогон чечимдин же токтомдун долбооруна “жалпысынан” добуш берилет.
Түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан учурларда добуш берүүгө алгач долбоордо каралган вариант, андан кийин киргизилип жаткан түзөтүүлөр эске алынган варианттар келип түшкөн тартипте коюлат. Добуш берүү белгиленген сандагы добуш менен чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотулат жана түзөтүүлөрдүн калган варианттары боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт.
Добуш берүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же мүчөлөрү тарабынан гана киргизилген өзгөртүүлөр коюлат.
Борбордук шайлоо комиссиясы чечимдерди кабыл алууда:
- чечимдин же токтомдун долбоорун кабыл алууга же четке кагууга, аны талкуулоону кийинки жыйналышка жылдырууга;
- токтомдун долбоорун “негиз катары” алууга жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө (жумушчу топко), бул токтомдун долбоорун даярдаган аппараттын кызматкерлерине толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө, ошондой эле аны толуктап иштеп чыгууга катышууга Борбордук шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүн, аппараттын кызматкерлерин жана адистерди тартууга укуктуу.
Кайрадан кароодо чечимдин же токтомдун долбооруна анын баштапкы талкуусунан кийин келип түшкөн түзөтүүлөр киргизилет.
Жаңы маалымат келип түшкөн же башка жагдайлар келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мурда кабыл алынган чечимди кароого кайтып келиши мүмкүн.
Добуштар тең болуп калган учурда чечим кабыл алынган жок деп эсептелет жана бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кайрадан каралууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 24 сааттын ичинде жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий газетасына жарыяланат.
42. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша чабуу менен кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга тийиш.
43. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимдер, токтомдор жана башка ченемдик актылар “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте коомчулукка жеткирилет.
7-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин камсыз кылуу
44. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин уюштуруу-усулдук, маалыматтык-аналитикалык, материалдык-техникалык камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жетекчилик кылууну аппарат жетекчиси жүзөгө ашырат. Ал жок учурда аппарат жетекчисинин милдеттерин аткаруу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен аппараттын кызматкерине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү жалпы координациялоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жүзөгө ашырат.
45. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик кызматты өтөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү локалдык ченемдик актылар менен аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди аткарууга акысы Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдар сметасы менен аныкталуучу эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди (адистерди) тартышы мүмкүн.
Эмгек келишиминде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишке тартылган кызматкердин иш шарттары, мөөнөттөрү, жумуш акысынын өлчөмү аныкталат.
8-глава. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышын контролдоонун жүзөгө ашырылышы
46. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде келип түшкөн сунуштарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шайлоолорду, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө салуучу бөлүгүнүн бузулушу жөнүндөгү арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээлерине жооп берүүгө милдеттүү.
47. Сунуштар, арыздар жана даттануулар келип түшкөндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө, аппараттын же төмөн турган шайлоо комиссиясынын кызматкерине тапшырат.
Төрага зарыл болгон учурда даттанууларды же арыздарды кароо үчүн тиешелүү адистерди тартуу менен жумушчу топ түзүшү мүмкүн.
Төрага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар, даттануулар жана башка кайрылуулар тууралуу маалымдайт.
48. Төрага зарыл болгон учурда келип түшкөн сунуштар, арыздар, даттануулар жана башка кайрылуулар жөнүндөгү маселени Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн маселелер каралган учурда жыйналышка кызыкдар тараптар катышууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды тиешелүү укук коргоо же башка мамлекеттик органдарга кароого жиберүүгө укуктуу.
49. Арыздарды жана даттанууларды кароо, ал эми зарыл болгон учурда алар боюнча кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыздарды жана даттанууларды кароо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
50. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу менен байланышкан маселелерди карайт жана келип түшкөн документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча бул маселелерди даярдоо үчүн зарыл болгон учурда адистерди тартуу менен жумушчу топ түзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
9-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин маалыматтык камсыздоо
51. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин маалыматтык камсыздоону аппараттын маалыматтык камсыздоо сектору жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын басма сөз катчысы өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырышат.
Аппараттын маалыматтык камсыздоо сектору жана төраганын басма сөз катчысы Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин маалыматтык коштоону уюштурууну, ошондой эле расмий маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жана башка расмий интернет-ресурстарына жайгаштырууну камсыз кылышат.
Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аппараттын маалыматтык камсыздоо сектору аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен медиапланга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердигин маалыматтык коштоону уюштурат.
52. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларды маалыматтык коштоо аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү берген расмий маалыматтын жана материалдардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Маалыматтык материалдарды даярдоодо аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтын жүргүзүүгө талаптар, ошондой эле аппараттын маалыматтык камсыздоо секторунун жана төраганын басма сөз катчысынын ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнчө актылары менен аныкталат.
10-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби
53. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуш жана аны Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кароо Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөсүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе каралып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же төрагасынын орун басары Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында төрагалык кылууга укуксуз. Бул учурда жыйналышты алардын ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталуучу демилгечилердин бири алып барат.
Эгерде мындай чечим үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алтыдан кем эмес мүчөсү добуш берсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же төрагасынын орун басары ачык добуш берүү менен кабыл алынган чечим менен кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
54. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же төрагасынын орун басары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү статусун сактап калат.
55. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын бош кызмат ордун ээлөө “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген тартипте аныкталат.
56. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин дайыма аткарбагандыгы жөнүндө маселени кароону демилгелөө укугуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөсү ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан өз милдеттерин дайыма аткарбагандыгы жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алтыдан кем эмес мүчөсү добуш берсе, кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы чечим кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуштаманы жиберет.
Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Президенттин кызмат ордуна талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер же болбосо алардын өкүлү болуп көрсөтүлсө, ал Жогорку Кеңештин чечимисиз Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулду деп эсептелет. Көрсөтүлгөн учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып токтотулду деп эсептелет.
11-глава. Корутунду жоболор
57. Ушул Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламентине, эгерде алар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алтыдан кем эмес мүчөсү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептеле турган өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
