Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 78 токтомуна

тиркеме

 

Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Майыптыгы бар шайлоочу Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген тикелей жана жашыруун эрк билдирүү аркылуу бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумдарга катышууга укуктуу.

3. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.

4. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле алардын кызмат адамдары майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) аймактык шайлоо комиссияларындагы (мындан ары – АШК) атайын өкүлдөрүнө жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшөт.

6. Бул багыттагы ишти координациялоо Борбордук шайлоо комиссиясынын АШКлардагы атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.

7. Ушул Жобо менен шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн майыптыгы бар шайлоочулардын төмөнкү категорияларына карата шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги жөнгө салынат:

– азиз жана начар көргөн шайлоочулар – өздөрүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган көрүүсү бузулган адамдар;

– дүлөй жана начар уккан шайлоочулар – өздөрүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган угуусу бузулган адамдар;

– таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар – өз алдынча кыймылдоосунун чектелиши менен байланышкан бузулуусу бар адамдар.

8. Шайлоо комиссияларынын майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүндө төмөнкүдөй баарлашуунун этикалык ченемдери сакталууга тийиш: урматтоо, гумандуулук, кичи пейилдик, сылыктык, сабырдуулук, медициналык сырды ачыкка чыгарбоо, жарандын жеке турмушунун чөйрөсүнө кийлигишпөө.

9. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

шайлоочулардын тизмеси – Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү, добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

майыптыгы бар шайлоочулар – активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;

шайлоо участогуна жеткиликтүүлүк – майыптыгы бар шайлоочулардын башка жарандар менен катар добуш берүүчү жайга, анын ичинде жөө адамдар жүрүүчү тротуарларга, автоунаа жолдоруна, маалыматтык, коомдук пайдалануудагы техникалык жана башка каражаттарга эркин жана коопсуз жетүү мүмкүнчүлүгү;

шайлоо участогуна жеткиликтүүлүктү камсыздоо – мамлекеттик органдар, жеткиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан алардын менчигинде же карамагында (ведомстволук караштуулукта) турган инфратүзүм объекттеринин жабдыктарын майыптыгы бар шайлоочулар үчүн башка жарандар менен бирдей эле объекттерге эркин жеткиликтүүлүктү камсыздаган атайын түзүлүштөр менен жабдуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү;

добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгү – добуш берүүчү жайда жана анын ичиндеги кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн көмөкчү каражаттардын болушуна физикалык тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоочу шарттардын болушу;

муктаждыктар картасы – тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын шайлоо участоктору боюнча көрсөтүү менен түзүлгөн таблица;

чоңойтуучу айнек (лупа) – шайлоо документтерин толтуруу учурунда колдонулуучу, текстти чоңойтууга арналган оптикалык прибор;

Брайль трафарети – талапкерге, саясий партияга же болбосо “Баарына каршы” позициясына туура келген тиешелүү белги үчүн бюллетенде бош чарчыларга дал келген тешиктери бар атайын арип;

социалдык кызматкер – өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруучу адис;

факсимилдик кол тамга (факсимиле) – ден соолугунун абалынан улам өз алдынча өз колун коюу мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүсүнүн бузулушу, манжаларынын жоктугу, кыймылын координациялоонун бузулушу, шал болуу) майыптыгы бар адамдардын өз колун алмаштырган, атайын даярдалган штамп (клише).

2. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти уюштуруу жана алардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу

10. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, анын ичинде добуш берүүчү жайга максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасын (№ 2 форма) түзүшөт.

Муктаждыктар картасынын формасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

– майыптыгы бар шайлоочулардын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү, жеке идентификациялык номери, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги) жөнүндөгү маалыматтар;

– майыптуулугунун группасы (I, II, III тобу) жана бузулуулардын (угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын) түрлөрү;

– майыптыгы бар шайлоочулардын башка зарыл муктаждыктары жөнүндө эскертме.

11. Муктаждыктар картасы майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участогунда өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго конкреттүү жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.

12. Майыптыгы бар шайлоочуларды эсепке алуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты ар бир жылдын
1-февралына жана 1-августуна карата, көрсөтүлгөн айдын 10унан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.

13. Борбордук шайлоо комиссиясынын АШКдагы атайын өкүлү тиешелүү аймакта жашаган майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талапты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтөт.

14. Борбордук шайлоо комиссиясынын АШКдагы атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү муктаждыктар карталарын дайыма тактоону жана жаңылоону жүргүзөт.

15. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү калктуу конуштар боюнча көрсөтүлгөн формада суралган маалыматтарды берет (№ 1 форма).

16. Тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиялары берилген маалыматтардын негизинде шайлоо участоктору боюнча муктаждыктардын аймактык, райондук маалыматтык картасын түзөт, андан соң аны участкалык шайлоо комиссияларына (мындан ары – УШК) өткөрүп берет.

17. УШК тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасын алып, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүүчү жайлардын майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарына шайкеш келтирилишине жана маалыматтык материалдардын жеткиликтүү болушуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү жүргүзөт.

18. Эгерде добуш берүүчү жай майыптыгы бар шайлоочулардын кирүүсү үчүн атайын көмөкчү жөлөгүчтөр менен жабдылбаган болсо, бул учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин
40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүүчү жайдын майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү тууралуу кайрылуу жөнөтөт.

19. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда дароо тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти алып келет.

20. Добуш берүүчү жай майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарына жана тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү үчүн мыйзамда белгиленген стандарттарга жооп бериши керек, анын ичинде ыңгайлуу кирүү жана жөө жүрүү жолдору, жеке унаалар үчүн атайын токтоочу жайлар, добуш берүүчү жайларды имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштыруу же лифттердин, кенен эшиктердин болушу, пандустардын (пандус орнотуу мүмкүн болбогон учурда жардамга чакыруу кнопкасы менен жабдылышы), төшөлмөлөрдүн, тактилдик көрсөтмөлөрдүн, жетиштүү жарыктандыруунун болушу зарыл.

Добуш берүүчү жайдагы жабдуулар (столдор, кабиналар жана автоматтык эсептөөчү урналар), ошондой эле маалымат стенддери майыптардын кресло-коляскасы менен жүргөн же өз алдынча басып жүрүүсү оор шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай жайгаштырылышы керек.

21. УШК башка шайлоочулар менен катар таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, кыймылдоо үчүн кресло-коляскаларды пайдаланган шайлоочулар добуш бере турган добуш берүүчү жайларда шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен эрк билдирген учурда ыңгайлуулуктарды камсыз кылуу үчүн атайын кабинаны (бийиктиги 75 сантиметрден ашпаган атайын жабдылган башка орунду) орнотууга милдеттүү.

22. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн жашыруундугун камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга жана жасалууга тийиш.

23. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери менен биргеликте майыптыгы бар шайлоочуларды биометрикалык каттоодон өткөрүү, аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана зарыл болгон учурда инсандыкты ырастаган документтер менен камсыздоо боюнча иштерди уюштурат.

Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө майыптыгы бар шайлоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган учурда шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

24. Майыптыгы бар шайлоочу УШКга кайрылуу, 1255 жана 119 кыска номерлерине чалуу же 119 номерине жеке идентификациялык номери (ЖИН) көрсөтүлгөн СМС-билдирүү жөнөтүү аркылуу, ошондой эле https://tizme.gov.kg/ сайтында өз алдынча шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого укуктуу.

Шайлоочулардын алдын ала тизмесинде ката, так эместиктер табылган же болбогон учурда майыптыгы бар шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү УШКга кайрыла алат же “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз жөнөтө алат. Арызды кароо жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

25. УШК майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндөгү тийиштүү маалыматтарды (Муктаждыктар картасын) алгандан кийин алар добуш бере турган жай жана добуш берүүдө аларга көмөк көрсөтүү зарылдыгы тууралуу маалыматты тактайт.

26. Бул маалыматтарды алууда шайлоо комиссияларына УШКнын суроо-талабы боюнча социалдык кызматкерлер көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

3. Майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча

ишти уюштуруу

27. Маалыматтын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында шайлоону маалымат менен камсыз кылуу боюнча иштердин планын даярдоодо шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

28. Шайлоо комиссиялары тиешелүү категориялардагы шайлоочулар арасында маалыматтык материалдарды өз алдынча, ошондой эле социалдык коргоо органдарын, социалдык тейлөө уюмдарын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарын, азиздер үчүн атайын китепканаларды, башка уюмдарды тартуу менен, материалдарды (макулдашуу боюнча) майыптыгы бар шайлоочулар көп баруучу жерлерде (социалдык өнүктүрүү органдары, социалдык тейлөө уюмдары, Социалдык фонддун бөлүмдөрү, поликлиникалар, аптекалар, китепканалар, социалдык дүкөндөр ж. б.) жайгаштыруу менен таратышы мүмкүн.

29. Шайлоо комиссиялары шайлоочулар менен байланыштын мүмкүнчүлүктөрүн (коомдук “тынымсыз байланыш”) пайдалануу менен майыптыгы бар шайлоочуларга консультациялык, юридикалык жардам көрсөтүшөт. Шайлоо комиссиялары бул ишке майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартышы мүмкүн.

30. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар шайлоочуларынын жана айрым категориялардагы жарандарынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ азиз жана көзү начар көргөн шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык материалдарды даярдоодо төмөнкүлөрдү караштырышы зарыл:

– шайлоо өнөктүгү (шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо тартиби, добуш берүү убактысы жана орду, негизги шайлоо укуктары, “тынымсыз байланыш” телефондору), шайлоого катышуучу талапкерлер, добуш берүү тартиби, бюллетенди толтуруу жана башка жол-жоболорду жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө маалыматтык материалдарды чыгарууну аудиоформатта (санариптик алып жүрүүчүлөрдө) даярдоо;

– окуу үчүн ыңгайлуу болгон, ошондой эле Брайль арибин пайдалануу менен басылган маалыматтык басылмаларды (баракчаларды) даярдоо;

– текст файлдарын үн чыгаруучу же тактилдик сигналдарга өзгөртүүчү экрандык жеткиликтүүлүктүн компьютердик программалары орнотулган атайын жабдуусу (тифлокаражаттары) бар азиздер үчүн китепканалардын, атайын жалпы билим берүү уюмдарынын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

– пайдалануучу смс-билдирүүлөрдү алган учурда аларды үн сигналына өзгөртүүчү мобилдик байланыштын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

31. Шайлоо өнөктүктөрү мезгилинде дүлөй жана начар уккан шайлоочуларды маалыматтык камсыздоо үчүн телекөрсөтүүдөгү маалыматтык роликтерди, жаңылыктардын чыгарылыштарын жана тематикалык берүүлөрдү, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндөгүлөрдү, сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдаланууну мүмкүнчүлүккө жараша караштыруу сунушталат.

32. Бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кресло-коляскаларды колдонгон шайлоочуларды маалыматтык камсыздоо үчүн шайлоо жөнүндө көрүнүп туруучу маалыматты көрсөтүлгөн категориядагы шайлоочулар аны менен кошумча күч жумшабастан тааныша алгыдай кылып ачык жерлерде жайгаштыруу сунушталат.

33. Борбордук шайлоо комиссиясынын АШКлардагы атайын өкүлдөрүнө майыптыгы бар адамдардын жергиликтүү коомдук уюмдары, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык тейлөө уюмдары, башка органдар жана уюмдар менен өз ара аракетте майыптыгы бар шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, аларды коомго интеграциялоо максатында жыл сайын маалыматтык-түшүндүрүү ишин, анын ичинде көргөзмөлөрдү, форумдарды, ишкердик жана ролдук оюндарды өткөрүү формасында жүргүзүү, ошондой эле атайын жалпы билим берүү уюмдарында, реабилитациялык борборлордо максаттуу аудиторияга ыңгайлаштырылган маалыматтык иш-чараларды өткөрүү сунушталат.

34. Талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт жүргүзүүгө катышкан “макул”, “каршы” топтору окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулган арип менен басылган үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдалануу менен, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулар үчүн Брайль арибин же башка атайын каражаттарды үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда пайдалануу менен жарыялоого жана жайылтууга милдеттүү:

– азиз жана начар көргөн шайлоочулар үчүн – аудиоформаттагы, анын ичинде радиоуктуруу режиминдеги үгүт материалдары, ири арип менен жана/же Брайль арибинин жардамы менен басылган үгүт материалдары;

– дүлөй жана начар уккан шайлоочулар үчүн – субтитрлери жана/же сурдокотормосу бар үгүт материалдары (видеороликтер).

4. Шайлоо участогунда майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн тартиби

35. Майыптыгы бар шайлоочу жашаган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген болсо, шайлоо участогунда, ошондой эле аралыктан добуш берүү аркылуу же болбосо добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жайдан тышкары добуш берүүгө катыша алат.

36. Ар бир майыптыгы бар шайлоочу түздөн-түз шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу. Эгерде шайлоочуга шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн кандайдыр бир жардам талап кылынса, ал көмөк көрсөтүү (транспорт менен камсыз кылуу ж. б.) жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызды шайлоо күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүү менен бул жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана УШКга алдын ала кабарлашы зарыл.

37. Шайлоо участогунда добуш берүү учурунда бюллетенди алуу үчүн шайлоочу өзүнүн ким экендигин ырастаган документти көрсөтөт. Ар бир шайлоочу жеке добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

38. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол тамга коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу факсимилдик кол тамганы пайдаланууга же бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, байкоочу, коомдук байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.

39. Шайлоочу шайлоо бюллетенин жашыруун атайын жабдылган добуш берүүчү кабинада толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт, буга бюллетенди өз алдынча толтурууга шайлоочунун мүмкүнчүлүгү болбогон учурлар кирбейт. Мындай учурда шайлоочу башка адамдын жардамын пайдалануу ниети жөнүндө УШКга оозеки кабарлайт.

40. Майыптыгы бар шайлоочу пайдалануучу жашыруун добуш берүүчү кабина, жыйналма-ажыратма үчүн атайын шаймандардын болушун талап кылбаган жыйналма-ажыратма конструкция катарында болушу зарыл жана ага эки шайлоочу, референдумдун катышуучусу батышы үчүн кенен болууга тийиш.

41. Көрүүсү жагынан майыптыгы бар шайлоочулар УШКнын мүчөлөрүндө болгон чоңойтуучу айнекти (лупаны) же Брайль арибин пайдаланышы мүмкүн.

Көрүүсү жагынан майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн үгүт жүргүзүү тактасына атайын форматта даярдалган материалдар жайгаштырылат жана (же) шайлоо участоктору шайлоо өнөктүктөрү жөнүндө аудиоформатта (санарип алып жүрүүчүлөрдө) үгүт жүргүзүү материалдары (шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо тартибинде, добуш берүү убактысы жана жери, негизги шайлоо аракеттери, тынымсыз байланыш телефондору) менен жабдылууга тийиш.

42. Таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар, референдумдун катышуучулары добуш бериши болжолдонуп жаткан добуш берүүчү жайларда өлчөмдөрү полдон кеминде 180 см бийик, туурасы 80 см жана тереңдиги 100 см болгон жашыруун добуш берүүчү атайын кабина орнотулушу керек, ал бюллетенди толтуруу үчүн туурасы кеминде 40 см жана тереңдиги кеминде 30 см болгон, полдон 75 см ашпаган деңгээлдеги бийиктикте жайгашкан орун (стол, текче, таканчык ж. б.) менен жабдылууга тийиш.

43. Угуусу жагынан майыптыгы бар көп сандаган шайлоочулар добуш бериши болжолдонуп жаткан шайлоо участокторуна тиешелүү уюмдардын көмөгү менен сурдокотормочулар чакырылышы мүмкүн.

44. Добуш берүүчү жайда турган адамдар бюллетендеги белгини тааный албашы үчүн автоматтык эсептөөчү урна эң жакынкы атайын жабдылган добуш берүүчү кабиналардан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгашууга тийиш.

45. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда ката кетирдим деп эсептесе, бул учурда ал шайлоо бюллетенин берген УШКнын төрагасына өзүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. УШКнын төрагасы шайлоочулардын тизмесиндеги анын фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюп, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган бюллетень жок кылынып, бул жөнүндө акт түзүлөт.

46. Толтурулган шайлоо бюллетендери шайлоочулар тарабынан автоматтык эсептөөчү урналарга салынат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

47. Бюллетенди автоматтык эсептөөчү урнага салуу эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, шайлоо бюллетенин салып жаткан шайлоочудан башка адамдардын автоматтык эсептөөчү урнанын жанында болушуна тыюу салынат.

48. Добуш берүүчү жайда турган адамдарга айлананы жабууга же автоматтык эсептөөчү урнага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

5. Майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсүнүн тартиби

49. УШК шайлоочулардын тизмесине киргизилген майыптыгы бар шайлоочуларга алардын туруктуу жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

50. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү майыптыгы бар шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн калганда саат 8ден саат 20га чейин гана жүргүзүлөт.

51. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. Арыз жеке өзү же жакын тууганы аркылуу берилет. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүүчү жайга келе албай турган себеп жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

52. УШК жайдан тышкары добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздарды, анын ичинде “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтарын реестрге каттайт жана добуш берүү күнүнө эки күн калганда жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмесин жалпы таанышуу үчүн илип коёт.

53. Шайлоочуга келгенден кийин УШКнын мүчөлөрү анын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен биргеликте жүргүзөт. Идентификациялоодон кийин шайлоочуга чек жана тиешелүү шайлоо округунун бюллетени басып чыгарылат. Шайлоо бюллетенин бергенде УШКнын чүчүкулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номерин коёт жана ага шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө жазат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол тамга коёт.

54. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү учурунда да ушул Жобонун 29, 30, 31-пункттарынын ченемдери сакталат.

55. Шайлоо бюллетени атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде шайлоочу тарабынан толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн купуялуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары, эң жакынкы атайын жабдылган добуш берүүчү кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүүчү жайда турган адамдар бюллетендеги белгини тааный албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.

6. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

56. Шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочулар менен болгон ишинде алардын майыптыктын категориялары менен шартталган өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш.

57. Добуш берүүчү жайга майыптыгы бар шайлоочу келген учурда эң оболу анын кандайдыр бир жардамга муктаж экендигин аныктоо керек.

58. Азиз болуп саналган шайлоочу менен баарлашууда аны коштоп жүргөн адам менен эмес, түздөн-түз шайлоочу менен баарлашуу, шайлоочу менен маектешүүдө сүйлөшмө лексиканы пайдалануу сунушталат, жайда эскертүүсүз андан алыстоого болбойт.

59. Угуусунун бузулушу бар шайлоочу менен иштөөдө түздөн-түз аны менен баарлашуу сунушталат, сөздөрдү түшүнүктүү жаңсоолор, добуш берүү жол-жобосу менен байланышкан тактоочу аракеттер менен толуктоого болот. Мындай шайлоочулар менен жазуу жүзүндө же болбосо сурдокотормочу аркылуу баарлашууга болот.

60. Азиз-дүлөй болуп саналган шайлоочулар менен иштөөдө тифлосурдокотормочу аркылуу баарлашуу сунушталат.

61. Таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган шайлоочу менен иштөөдө ага отургучту сунуштоо же болбосо үстүнө принтери бар идентификациялоочу түзүлүш коюлган, бюллетендерди берүүгө арналган столдогу кресло-коляска үчүн орунду бошотуп берүү, жашыруун добуш берүүчү кабинага (орунга), добуш берүүчү жайдан чыга беришке чейин коштоп жүрүүнү сунуштоо зарыл. Зарыл учурларда автотранспортко отурууда көмөк көрсөтүү керек.

7. Корутунду жоболор

62. Шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты майыптыгы бар шайлоочуларга жеткирүү, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдары, башка органдар жана уюмдар, социалдык кызматкерлер аркылуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты аркылуу жеткирүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Тиркеме