Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2026-жылдын 19-августундагы

№ 83 токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1.1.   Ушул Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-1, 36-1-беренелерине ылайык иштелип чыкты.

1.2.   Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибин аныктайт.

1.3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү өзүнүн шайлоо участогунан тышкары жүргөн жарандардын, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү республикалык шайлоо округу болуп саналат.

Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок добуш берүү күнү өзүнүн шайлоо участогунан же болбосо өлкөнүн чегинен тышкары (чет жакта) жүргөн шайлоочулар өзүнүн шайлоо укугун ишке ашырып алуусу үчүн берилет.

Аралыктан добуш берүү:

1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык шайлоо участокторунда;

2) чет жакта түзүлгөн шайлоо участокторунда;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чечими менен түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторунда колдонулат.

1.4. Өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн да аралыктан добуш берүү жеткиликтүү болот, бирок кошумча шарттарды сактоону талап кылат.

Биометрикалык каттоонун жана Кыргыз Республикасында актуалдуу ички каттоо дарегинин (каттоосу) болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

Чет өлкөдө аралыктан добуш берүү аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунда онлайн идентификация аркылуу ишке ашырылып, андан кийин тиешелүү бюллетенди басып чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

1.5. Аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөндө шайлоочунун эркин билдирүүсүн жүзөгө ашыруу жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн жыйынтыктарынын шифрленген түрдө өзгөртүлбөстүгүн, добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышын, шайлоочунун жеке маалыматтары менен анын эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты аныктоонун мүмкүн эместигин эске алуу менен аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды түзүү, ошондой эле жарандык контроль жана мониторинг инструментин камсыздоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

1.6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен мекемелерде, уюмдарда, жарандар убактылуу жүргөн жайларда, шайлоочулар көп топтолгон жерлерде (аэропорттор, соода борборлору, базарлар ж. б.) жана башка жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана иш цикли үзгүлтүксүз болгон (вахталык иштерде) ишканалардын жетекчилеринин сунушу боюнча аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

1.7. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунан тышкары каалаган шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу.

1.8. Эгерде шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунун чегинен тышкары убактылуу жүргөн болсо, ал кайсы шайлоо участогунда болбосун, анын ичинде аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу.

Жайдан тышкары добуш берүү жүргүзүлгөндө аралыктан добуш берүү колдонулбайт. Аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү гана жүргүзүлөт.

 

2. Аралыктан добуш берүүнү уюштуруу

2.1. Аралыктан добуш берүү онлайн-идентификациялоону жүргүзүүнү жана коргоону, добуштарды контролдоону жана эсепке алууну камсыз кыла турган Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу менен уюштурулат.

2.2. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалгандан кийин муктаждыктарды жана логистикалык шарттарды талдоонун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлүшү мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогун уюштурууну тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жүктөөгө укуктуу.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларын түзүү аларды түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин түздөн-түз тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларынын курамы аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдеринен; шайлоочулардын топторунан; аймагында/жайларында ошол аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясы түзүлгөн уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, коомдук уюмдардын жумушчуларынын арасынан түзүлөт.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын сандык курамы кеминде жети адамдан турууга тийиш.

2.3. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиялары мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде аралыктан добуш берүү тартибин уюштурушат, добуш берүү үчүн жайларды жана жабдууларды даярдашат.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, уюштурулушу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен бир тең-катар белгиленет.

2.4. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунда жарыктандыруу тутуму менен жабдылган жана жазуу куралдары, байкоо монитору, автоматтык эсептөөчү урналар (мындан ары – АЭУ), принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (мындан ары – ПИТ), видеобайкоо түзүлүшү, үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы, ошондой эле тармактык жабдуулар менен камсыздалган добуш берүү үчүн кабиналар жайгаштырылат.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун жайы АЭУ, ПИТ жана байкоо монитору бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын көрүү талаасында тургандай жабдылууга тийиш.

Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин жана добуш берүүнүн жүрүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында шайлоо участокторунда видеобайкоо түзүлүштөрү орнотулат.

 

3. Шайлоочулардын тизмелери

3.1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүгө добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

Шайлоочулардын аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз берүүсү талап кылынбайт.

Шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын өзүнчө тизмелери добуш берүү күнүнө чейин түзүлбөйт. Шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын тизмелери шайлоочулар идентификациялоодон өткөндөн кийин добуш берүү күнү түзүлөт.

Аралыктан добуш берүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтар шайлоочунун добуш берүү күнү аралыктан добуш берүүгө катышкандыгынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын борборлоштурулган маалыматтык тутумунда сакталат.

3.2. Аралыктан добуш берүүгө катышуу маалыматтык тутумда катталат жана идентификациялоодон кайрадан өтүүнү четтетет.

3.3. Идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын тизмелери добуш берүү күнүнөн кийин 7 (жети) календардык күндөн кечиктирилбестен “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат.

 

4. Аралыктан добуш берүү тартиби

4.1. Аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү шайлоо участогу жайгашкан жердин жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

4.2. Аралыктан добуш берүү жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:

1) Шайлоочунун инсандыкты ырастоочу документти (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт же “Түндүк” тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт) көрсөтүүсү;

2) Инсандыкты ырастоочу документтеги сүрөттү шайлоочунун сырткы келбети менен визуалдык салыштыруу;

3) Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин текшерүү;

4) Сканерлөө үчүн камеранын жардамы менен шайлоочуну жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо – паспортунун машина окуй турган зонасын (MRZ) сканерлөө. Жеке маалыматтар боюнча идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочуну колдорунун манжаларынын издери боюнча биометрикалык идентификациялоодон өткөрүү жүргүзүлөт. Колдорунун манжаларынын издерин сканерлөө аракеттеринин саны 10 (он) жолудан ашпайт. Колдорунун манжаларынын издери боюнча идентификациялоодон өтпөй калган учурда шайлоочу идентификациялоо үчүн камераны колдонуу аркылуу жүзүнүн геометриясы боюнча идентификациялоодон өтөт;

5) Шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда шайлоочуга чек жана шайлоо бюллетени басып чыгарылат;

6) Идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек шайлоочу тарабынан шайлоочуну аралыктан добуш берүүгө катышкандардын тизмесине каттаган шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерип, өзүнүн колун коёт;

7) Шайлоо бюллетени добуш берүү үчүн кабинада толтурулат, анда добуш берүүнүн купуялуулугу сакталат жана башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт;

8) Шайлоо бюллетени АЭУга салынат.

4.3. Шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар үчүн көрүнөө жерге орнотулган байкоо мониторунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

- идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны;

- идентификациялоодон өтүп жаткан жана (же) өткөн шайлоочулардын сүрөттөрү.

4.4. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирдим деп эсептесе, ал аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасына бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна ага кайталанган шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасы атайын СМАРТ-картанын жардамы менен кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгарат, мында кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгаруу үчүн ПИТке бузулган шайлоо бюллетенинин QR-кодун тиркөө зарыл. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайталанган шайлоо бюллетенин берүү (себебин көрсөтүү менен) жана бузулган шайлоо бюллетенин жокко чыгаруу жөнүндө акт түзүшөт. Бузулган шайлоо бюллетенин жокко чыгаруу төмөнкү оң жана жогорку сол бурчтарындагы QR-коддорду жеринде кесүү жолу менен жокко чыгарылат. Шайлоочулардын тизмелери үчүн жооптуу болгон аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочунун – аралыктан добуш берүүнүн катышуучусунун аты-жөнүнүн тушуна тиешелүү белги коёт.

Кайталанган шайлоо бюллетени бир гана жолу басып чыгарылат.

 

5. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби

5.1. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн ошол эле жайда добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылганга чейин тынымсыз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлгөн жер участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана талапкерлердин өкүлдөрүнө жеткиликтүү боло тургандай жабдылууга тийиш. Ошону менен бирге добуштарды саноодо катышып жаткан бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерине толук сереп камсыздалууга тийиш.

Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, аралыктан добуш берүү боюнча комиссиянын башка мүчөлөрүнө добуштарды саноодо жазуу куралдарын пайдаланууга тыюу салынат.

5.2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү бюллетендерин саноо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Андан кийин бюллетендер ар бир талапкер боюнча жана “Баарына каршы” позициясы боюнча өз-өзүнчө эсептелет.

Саноо шайлоочунун белгисин саноого катышып жаткандардын баары көрө алышы жана жыйынтыкты уга алышы үчүн бюллетендерди бир таңгактан башкасына бирден алып коюу жолу менен үн чыгарып жүзөгө ашырылат. Ар башка таңгактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.

Жараксыз бюллетендерди жарактууларга алып коюуга жол берилбейт.

Ар бир талапкер боюнча жана “Баарына каршы” позициясы боюнча шайлоо бюллетендерин саноонун жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилет.

5.3. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго кол коюлгандан кийин аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясы талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын дароо жарыялайт.

5.4. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын тизмелери, чектер, АЭУнун баштапкы жана жыйынтык отчёттору, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор өзүнчө пакеттерге салынат, аларда шайлоо участогунун номери, шайлоо бюллетендеринин жана чектердин саны жана шайлоочулардын тизмелеринин аталышы көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басылып жабылат, аларга аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат жана өзүнчө капка же кутуга салынып, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.

5.5. Маалыматтык шайлоо тутумунда (мындан ары – МШТ) ар бир шайлоо участогу боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө электрондук протокол (мындан ары – электрондук протокол) түзүлөт, ал өзүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынат.

Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары МШТнын расмий сайтында чагылдырылат.

Шайлоо комиссияларынын системалык администраторлору электрондук протоколдорду басып чыгарышат жана аларды тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.

5.6. Электрондук протокол төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

- аралыктан добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны;

- жарактуу бюллетендердин саны;

- жараксыз бюллетендердин саны;

- алган добуштарынын саны көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси;

- “Баарына каршы” позициясына берилген добуштардын саны.

5.7. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчётторду басып чыгаруу процессинде талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сүрөткө, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

5.8. Эгерде аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген кандайдыр бир бузууларга жол берилген болсо, шайлоо мыйзамдарына ылайык ошол шайлоо участогундагы аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Бул учурда шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоонун натыйжалары жараксыз деп таанылган аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсепке албастан, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын негизинде аныкталат.

5.9. Аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн жыйналыштарында участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун, ошондой эле электрондук протоколдун негизинде тиешелүү аймактардагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат жана документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына дароо беришет.