Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 19-августундагы
№ 85 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА
Ушул Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө нускама “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык иштелип чыкты.
Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартибин жөнгө салат.
Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы добуш берүү күнүнө 25 календардык күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгү чүчүкулак менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чүчүкулакты өткөрүү датасын жана убактысын өз алдынча аныктайт. Чүчүкулак Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы катталган талапкерлерге чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана жайы жөнүндө маалымдайт.
Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакка:
- катталган талапкерлер, ыйгарым укуктары тиешелүү документтер менен тастыкталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо күбөлүгү жана инсандыкты ырастоочу документ);
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) мүчөлөрү катышат.
Жайды, барабанды, лотторду, башка зарыл атрибуттарды, ошондой эле чүчүкулактын протоколун даярдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.
Чүчүкулак төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
- Номерлери бар шариктер түрүндөгү лоттор бата турган лототрон орнотулат. Лоттордун саны катталган талапкерлердин санына дал келиши керек. Жумушчу топ тарабынан аныкталган алып баруучу номерлери бар шариктерди бардык катышуучуларга алдын ала көрсөтүп, лототронго салат;
- Андан соң алып баруучу чүчүкулакка катышуунун кезектүүлүгүн аныктоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып көрсөтүү үчүн документтерди тапшыруу тартибинде талапкерлерди же талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырат. Натыйжалар “Талапкерлердин же талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чүчүкулакка катышуусунун кезектүүлүгүн аныктоо жөнүндө” протоколго (№ 1 тиркеме) киргизилет. Андан ары чүчүкулакка катышуунун белгиленген кезектүүлүгү боюнча ар бир талапкер же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү лотту алып чыгат жана лотту катышып отургандардын бардыгына көрсөтүп, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө” протоколго (№ 2 тиркеме) киргизиле турган номерди жарыялайт.
Талапкерлерден же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн чүчүкулакты бир этапта өткөрүү жөнүндө сунуштар келип түшкөн жана бардык катышып отурган катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда № 1 тиркемеде каралган чүчүкулакка катышуунун кезектүүлүгүн алдын ала аныктабастан, анын натыйжаларын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө” протоколдо (№ 2 тиркеме) тариздөө менен түздөн-түз талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүгө жол берилет.
Талапкер же талапкердин өкүлү келбей калган учурда анын ордуна залда отурган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ичинен көз карандысыз адамды чүчүкулак процессине катышуу үчүн чакырууга болот.
Өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжалары боюнча маалыматтар тиешелүү протоколдорго киргизилет.
Протоколдорго Жумушчу топтун мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын катышып отурган мүчөлөрү, талапкерлер же талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамга коюшат.
