Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
Шайлоо процессинин ачыктыгын жана тунуктугун камсыздоо, добуш берүүнүн жүрүшүн коомдук байкоо үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштурууну жана техникалык камсыздоону жүзөгө ашырсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Т.А. Оторбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 16-октябры
№ 84