Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кубанычбек Нурматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты
23.10.2025

Кубанычбек Нурматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 22-октябрында өткөн жыйынында № 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Нурматов Кубанычбек Советовичтин 2025-жылдын 21-октябрында берилген, мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, эске алды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган бир катар учурларга байланыштуу чечимдерди кабыл алды
23.10.2025

КР БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган бир катар учурларга байланыштуу чечимдерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ сунуштаган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу маселени карады. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын социалдык баракчаларындагы, айрым жеке жарандардын жарыялоолору жана билдирүүлөрү боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу чечимдер кабыл алынды. Натыйжада, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 455-беренелерине жана 451-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды: 1. №14 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев 2025-жылдын 9 жана 12-октябрында өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына мурдагы саясий ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап, саясий-мамлекеттик кызматтагы адамдардын ысымдарын атап, алдыдагы шайлоого жаңыча көз караш менен бара тургандыгын белгилеген, 12-октябрда Токтогул районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айрым кызмат адамдары боюнча чара көрүү, жумуштан бошотуу зарылдыгы тууралуу билдирүү жасап, үгүт мүнөзүндөгү чакырыктарды каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жайгаштырган. Бул аракеттери шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Б. Дүйшеналиевге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2. Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиев 2025-жылдын 20-октябрында Facebook социалдык тармагындагы Салтанат Митиеванын жеке баракчасы аркылуу жарыяланган видеодо №2 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Ырысбек Атажановду эл алдында колдоо көрсөтүүгө чакырган. Ал видеокайрылуу талапкерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин үгүт жүргүзүү катары бааланып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Г.Матажиевге 7500 (жети миң беш жүз) сом айып пул салынды. 3. №25 шайлоо округу боюнча депутаттыкка өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Төрөкан Жунусбеков 2025-жылдын 17-октябрында Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу билдирүү жарыялап, анда жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын аты-жөнүн койуп, “хадис” деп диний тематикага шилтеме жасап, мурдагы шайлоолордо колдонулган жасалма үгүт материалдарды жарыялаган. Ошол эле күнү, саат 12:03тө парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга расмий арызын тапшырган. Үгүт мүнөзүндөгү билдирүү менен талапкер катары көрсөтүү күнү дал келгендиктен, бул аракет талапкерди каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин үгүт жүргүзүү катары бааланды. Натыйжада, №25 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Т.Жунусбековго КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 сом (жети миң беш жүз) өлчөмүндө айып пул салынды. 4. 2025-жылдын 18-октябрында Талас УТРК “Аял ажары” программасы аркылуу №16 Талас шайлоо окуругунан депутаттыкка өз талапкерлигин көрсөткөн Медер Чотоновдун мурдагы кайрымдуулук иштери тууралуу оң мүнөздөгү видеотасманы кайталап чыгарган. Бул материал талапкерди жарнамалап, ачык колдоо катары бааланды. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Талас УТРКга юридикалык жак катары КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салуу чечими кабыл алынды. КР БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет. Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамды бузган ар бир учур тиешелүү тартипте каралып, жоопкерчилик чаралары колдонулат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
22.10.2025

КР БШКсы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Комиссиянын курамынан С.С.Дыйканбаева жана А.А.Абдыкадыров (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) берген арыздарынын негизинде чыгарылды. Комиссиянын курамына резервден Т.А.Төлөнов жана Ж.Ж.Сайпидинов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 28 талапкерди каттады
22.10.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 28 талапкерди каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда өз жыйынында көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды: - Алымбеков Максат Джумакадырович № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Лурова Лейла Хияновна № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Мамытов Талант Турдумаматович № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Иманбек кызы Бактыгүл № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Түлөбаев Балбак Зарлыкович № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Жороев Исманали Эгембердиевич № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Шабазов Бахридин Валиевич № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Малиев Арсланбек Касымакунович № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Асанкулова Алтынай Джолучуевна № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Атажанов Ырысбек Ысламович № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Эргешов Казыбек Кочкорович № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Керимбаев Мураталы Топчубаевич № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Култаева Гулшаркан Оконовна № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Сыдыков Бактыбек Усенович № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Карабекова Кызжибек Советовна № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Белеков Адилет Чолпонбекович № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Умаров Адыл Умарович № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Жакышов Русланбек Шергазиевич № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Кокулов Эрулан Калчороевич № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Козуев Алишер Абибиллаевич № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Айдарова Айгүл Абдисаламовна № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Алтынбеков Айбек № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Чекилов Ринат Эркинбекович № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Расул кызы Миргүл № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Чалов Ильяз Алмазович № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер. Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган. Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Кененирээк билүү >>
22-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
22.10.2025

22-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 437 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1. Зулушев Курманкул Токторалыевич №10 12.02.1970  «Көк-Бөрү» Эл аралык ассоцациясынын президенти Өзүн-өзү көрсөтүү 2. Алканова Элнура Сайдиракмановна №25 31.05.1992 Мамлекеттик салык кызматына караштуу «Салык Сервис» ММ–улук аналитиги Өзүн-өзү көрсөтүү 3. Тажибаев Канатбек №21 20.10.1981 ДК жана МБДеп башкы адис Өзүн-өзү көрсөтүү 4. Тыналиев Айжигит Казакбаевич №29 08.12.1985 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 5. Ташматов Сапар Планович №20 19.06.1977 Таш-Мойнок айылдык кенешинин төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 6. Исаева Майрамкуль Тургунбековна №24 29.04.1976 И.Арабаев а. КМУ окутуучусу Өзүн-өзү көрсөтүү 7. Нарматова Орозайым Кочконбаевна №10 19.02.1994 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 8. Аттокуров Азирет Али Акылбекович №10 19.04.1988 КР Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Өзүн-өзү көрсөтүү 9. Кубатова Кульира Идрисовна №19 07.10.1971 Экономика илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Өзүн-өзү көрсөтүү 10. Амангазиев Ильяс Амангазиевич №25 09.01.1989 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 11. Мадазимов Бекболот Акимович №8 23.03.1980 Жергиликтүү кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 12. Акылбек Нурсултан №9 01.10.1993 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 13. Турганбаев Дөөлөтбек Улукбекович №8 22.08.1987  “Алай-Транс ЛТД” ЖЧКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 14 Сыдыгалиев Нурмухамед Ашымбекович №26 04.12.1978 “Нурагрорыбпром” ЖЧКнын директору   15 Абдибаева Айсаракан Нышанова №15 13.08.1965 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 16 Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич №3 17.06.1990 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 17. Мамытов Талант Токтобекович №22 10.04.1964 Талас Мамлекеттик Университети, проректор Өзүн-өзү көрсөтүү 18 Тайгараева Эдита Каныбековна №19 04.01.1979 Кунтуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 19 Есеналиев Чынгызбек Ырысбекович №19 02.10.1984 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 20 Онгоев Нурлан Асылбекович №28 12.08.1984 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 21 Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевич №18 23.10.1987 Аксу айылдык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 22 Супатаева Альфира Илиясовна №27 22.07.1981 МТСУК КРПА бөлүмүнүн башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 23 Султанова Роза Ажимаматовна №12 04.06.1963 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 24 Исабекова Гулзат Жумабаевна №19 07.05.1989 “ЦПД” психолог Өзүн-өзү көрсөтүү 25 Орозалиева Айгуль Батырбековна (онлайн) №4     Өзүн-өзү көрсөтүү 26 Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна (онлайн) №9 26.01.1980 Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын ангионеврология бөлүмүнүн башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 27 Турдубаева Гульмира Мамаевна (онлайн) №9 13.01.1960 Ош билим берүү институтунун бөлүм башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 28 Камчыбеков Чынгыз Аширваевич (онлайн) №6 21.02.1981 Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Өзүн-өзү көрсөтүү 29 Койчуманова Нуркан Кадыровна (онлайн) №12 17.09.1967 Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн жетекчиси Өзүн-өзү көрсөтүү 30 Аскарова Элмира Исраиловна  (онлайн) №2 20.12.1975 Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22.10.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулган депутаттар - Нарын облусу боюнча: - Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты (№3 шайлоо округу, Жерге-Тал - Чолок-Кайың) М.М. Ашырбеков, 2025-жылдын 1-октябрындагы жеке арызынын негизинде. Ысык-Көл облусу боюнча: - Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылдык кеңешинин депутаты (№2 шайлоо округу, Тамга) Р.Ж. Рахманова, 2025-жылдын 7-октябрындагы жеке арызынын негизинде; - Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты (№3 шайлоо округу, Жаргылчак) Т.Ч. Адигинеев, 2025-жылдын 5-октябрындагы жеке арызынын негизинде; - Каракол шаардык кеңешинин депутаты («Ыйман Нуру» депутаттык фракциясы) Д.У. Молдоташев, 2025-жылдын 3-сентябрындагы жеке арызынын негизинде. Жалал-Абад облусу боюнча: - Манас шаардык кеңешинин депутаттары К.А. Орозбаев («Адилет» депутаттык фракциясы) менен О.Т. Турдубеков (“Адилет” депутаттык фракциясы) 2025-жылдын 17-октябрындагы жеке арыздарынын негизинде. Ош облусу боюнча: - Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты (№2 шайлоо округу, Арбын) Р. Абдикарим кызы Рахима (каза болгондугуна байланыштуу); - Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешинин депутаты (№1 шайлоо округу, Көк-Бел) М.И. Алибаева, 2025-жылдын 10-октябрындагы жеке арызынын негизинде. Бошогон мандаттар саясий партиялардын тизмесине ылайык төмөнкү талапкерлерге өткөрүлдү: - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинде У.С. Турсунбаевге («Ыйман Нуру» саясий партиясы); - Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңешинде К.К. Турдалиевге («Адилет» саясий партиясы) жана И.А. Мурсалиевге («Адилет» саясий партиясы). Ошондой эле, бошогон мандаттар добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган төмөнкү шайланган депутаттарга берилди: - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Жерге-Тал - Чолок-Кайың) У. Шералы уулуна; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылдык кеңешинде (№2 шайлоо округу, Тамга) Э.М. Мамыткановага; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Жаргылчак) М.К. Насирдиновага; - Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Сары-Челек айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Авлетим) Н.А. Абдырамановго; - Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык кеңешинде (№2 шайлоо округу, Арбын) талапкерлердин жоктугуна байланыштуу мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат; - Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешинде (№1 шайлоо округу, Көк-Бел) М.И. Алибаевага.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
22.10.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Элчи Лесли Вигери белгилегендей, шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чакыруу каты АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү да шайлоо процессин мониторинг кылууга катыша турганын билдирди. Тынчтык Шайназаров өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо системасын реформалоо жана аралыктан добуш берүү жаңы системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Сан-Франциско жана Филадельфия шаарларында ачылган жаңы 6 шайлоо участкасы жөнүндө маалымдады. Элчи Лесли Вигери жаңы шайлоо системасына жана колдонулуп жаткан шайлоо жабдууларына өзгөчө кызыгуу билдирди. Ал, ошондой эле, шайлоо күнү электр энергиясы же интернет өчүп калган учурда добуш берүү кандайча жүргүзүлөрүн сурады. Тынчтык Шайназаров мындай учурлар үчүн шайлоо участкаларында генераторлор орнотулганын, мындан тышкары ар бир шайлоо жабдуусунун өзүнүн 2–3 саатка жеткидей иштей турган аккумулятору бар экенин белгиледи. Элчи Лесли Вигери шайлоо жабдуулары электр энергиясы жана интернети жок шартта да иштей берерин практика жүзүндө көрүп, шайлоочулар мындай кырдаалда да шайлоо укугун ишке ашыра ала турганына ынанды. Жолугушуу болжол менен бир жарым саатка созулду. АКШнын элчиси Лесли Вигери шайлоо жабдууларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана шайлоочулардын катышуусун, ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган аралыктан добуш берүү системасынан чоң таасир алганын белгиледи.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
22.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Салямова Венера Хамзаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.А Сакиева; - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Салтанат Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ө.А.Арзыкулов жана каржы боюнча З.С.Торошова; - №4 шайлоо округу боюнча талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.М.Саиткасимов; - №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эркинбек кызы Акылайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Дж.Сыдыков жана каржы боюнча Б.Зарылбек уулу; - №30 шайлоо округу боюнча талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ы.М.Мөндүрбаев; - №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.Р.Каланходжаева жана каржы боюнча Г.Б.Абылова; - №2 шайлоо округу боюнча талапкер Абдипатта уулу Жумабектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Б.Нишанов жана каржы боюнча А.Ж.Тажибаев; - №29 шайлоо округу боюнча талапкер Эсентуров Асылмырза Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.К.Качкынбеков жана каржы боюнча Б.Т.Токтобеков; - №21 шайлоо округу боюнча талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А.Назыров жана каржы боюнча А.М.Ашимов; - №20 шайлоо округу боюнча талапкер Ашымбаева Токтобүбү Абасовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ж.Асанбаев жана каржы боюнча А.Дж.Кубатова; - №21 шайлоо округу боюнча талапкер Бапаева Гүлсана Жунусовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К.Өмүрбаев жана каржы боюнча А.Б.Токторова; - №20 шайлоо округу боюнча талапкер Мухидинов Оятулло Нуралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.С.Имаров жана каржы боюнча И.Ж.Мурзаев; - №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мусаев Бактияр Назаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М. Өмүрбек уулу; - №26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Р.Сапаев жана каржы боюнча К.Ж.Иманалиева; - №4 шайлоо округу боюнча талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Д.Б. Оморбеков; - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К.Курмушиев жана каржы боюнча А.Жеңишбек уулу; - №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча З.Б. Бообеков; - №7 шайлоо округу боюнча талапкер Макамбаев Сталбек Абибиллаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.А.Расаходжаев жана каржы боюнча С.А.Исмаилов; - №1 шайлоо округу боюнча талапкер Жусупов Аширбай Баповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.М.Ирсалиев жана каржы боюнча Т.А.Энназаров; - №3 шайлоо округу боюнча талапкер Тойгонбаев Максатбек Маматжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ч.А. Сыдыгалиев; - №5 шайлоо округу боюнча талапкер Айтибаев Курбанбек Гайыпбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Г.Айтибаев жана каржы боюнча Ч.К.Айтибаева. Ошондой эле №27 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп буга чейин катталган Ч.Т.Молдосанованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна каржы маселелери боюнча Н.Ө.Бадинов ыйгарым укуктуу өкүл катары катталды. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кырк Ууз” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады
22.10.2025

КР БШК “Кырк Ууз” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда, БШКга 2025-жылдын 20-октябрында келип түшкөн “Кырк Ууз” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады. КР БШКсы “Кырк Ууз” саясий партиясынын арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 3-октябрындагы чечими менен катталган аталган партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А. Кадыркуловдун, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А.Джапарованын каттоолорун жокко чыгарды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 22-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.10.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 22-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 22 -октябры Убактысы: 12.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. “Кырк Ууз” саясий партиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. № 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Салямова Венера Хамзаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.А Сакиеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. № 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Аманова Санталат Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Ө.А. Арзыкуловду жана З.С. Торошованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.А. Абдуллоевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. № 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эркинбек кызы Акылайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Дж. Сыдыковду жана Б. Зарылбек уулун каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. № 30 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ы.М. Мөндүрбаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. № 30 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары У.Р.Каланходжаеваны жана Г.Б. Абылованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. № 2 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдипатта уулу Жумабектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Э.Б. Нишановду жана А.Ж. Тажибаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. № 29 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Эсентуров Асылмырза Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Т.К. Качкынбековду жана Б.Т. Токтобековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.А. Назыровду жана А.М. Ашимовду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. № 20 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ашымбаева Токтобүбү Абасовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Н.Ж. Асанбаевди жана А.Дж. Кубатованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бапаева Гүлсана Жунусовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Өмүрбаевди жана А.Б. Токторованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. № 20 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мухидинов Оятулло Нуралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.С.Имаровду жана И.Ж.Мурзаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мусаев Бактияр Назаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары М. Өмүрбек уулун каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. № 26 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Э.Р. Сапаевди жана К.Ж. Иманалиеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Д.Б. Оморбековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 18. № 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Курмушиевти жана А. Жеңишбек уулун каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 19. № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары З.Б. Бообековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 20. № 7 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Макамбаев Сталбек Абибиллаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары С.А. Расаходжаевди жана С.А. Исмаиловду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 21. № 1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жусупов Аширбай Баповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары К.М. Ирсалиевди жана Т.А. Энназаровду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 22. № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Тойгонбаев Максатбек Маматжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ч.А. Сыдыгалиевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 23. № 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Айтибаев Курбанбек Гайыпбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары К.Г. Айтибаевди жана Ч.К . Айтибаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 24. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
21-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
21.10.2025

21-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 407 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт. № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1. Толонов Данияр Эрмекович №9 25.04.1972 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 2. Султанов Токтосун Султанович №23 15.11.1975  «Эмгек» СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 3. Токтомамбетов Аманкул Жапарбекович №29 08.01.1964 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 4. Джунусалиев Рамис Майрамбекович №19 06.06.1984  КР «Көк бөрү» федерациясынын президенти Өзүн-өзү көрсөтүү 5. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна №29 16.07.1969 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 6. Абыкеев Темирболот Асаналиевич №29 25.12.1984 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 7. Чомоев Бакыт Муратбекович №18 08.05.1989 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 8. Кимсанов Жеңиш Аманбаевич №11 07.05.1975 “Юрфа” ЖЧКнын коммерциялык директор Өзүн-өзү көрсөтүү 9. Мамаев Жолдош Мамаевич №28 12.10.1958 Адвокат жана бокс боюнча машыктыруучу Өзүн-өзү көрсөтүү 10. Сартпаев Эдик Омурзакович №18 28.04.1978 Күнтуу айыл аймагынын башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 11. Султанкулова Алтынай Эркинбековна №18 18.04.1995 Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 12. Кудайбергенов Борончу Молдокматович №29 24.05.1966 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 13. Асылбаева Гюльшат Кадыровна №19 27.08.1960 КР Экономика жана Коммерция министиринин орун басары Өзүн-өзү көрсөтүү 14 Жеенчороев Мирлан Канатбекович №21 10.03.1980 КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик укук изилдөө жана экспертиза институтунун башкы эксперти   15 Солтонбекова Ализа Карыпбековна №25 05.04.1978 Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Өзүн-өзү көрсөтүү 16 Кулбаева Зулайка Эшматовна №15 12.03.1970 Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу Өзүн-өзү көрсөтүү 17. Эсенканова Айзада Сатарбековна №29 27.03.1969  “Бленд Групп плюс” ЖЧКнын башкы бухгалтери Өзүн-өзү көрсөтүү 18 Акунова Лира №22 19.01.1965 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 19 Тогузакова Айжан Абдиганыевна №6 25.06.1989 С. Б. Данияров а. КТМИ жана кесиптик колледжинин окутуучусу Өзүн-өзү көрсөтүү 20 Ботобаев Айбек Курманович №26 02.02.1980 ИИМ кызматкери Өзүн-өзү көрсөтүү 21 Азыгалиев Нурланбек Асанбекович №17 30.08.1970 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 22 Курманбекова Бермет Курманбековна №20 04.06.1987 Журналист Өзүн-өзү көрсөтүү 23 Кайыпов Эржан Сулайманович №24 28.10.1986 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 24 Каниметов Самат Каниметович №22 23.09.1994 Пауэрлифтинг федерациясынын вице-президенти Өзүн-өзү көрсөтүү 25 Сариев Улан Алмасбекович №19 17.11.1988 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 26 Халилова Гульназ Мажитовна №24 06.04.1972 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 27 Таштанбеков Акбокон Дукенович №25 17.05.1963 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 28 Ахмедова Айгуль Абдилхаевна №5 24.07.1978 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 29 Токторов Мырзабек Сарыевич №8 27.06.1983 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 30 Байзаков Ильяс Касымбекович №21 02.10.1985 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 31 Исаматова Айзат Тыныбековна №27 21.12.1985 МИК жетектөөчү адиси Өзүн-өзү көрсөтүү 32 Надирбеков Айтбай Эргешович №2 25.05.1961 КР Финансы министрлигинин Ички аудит кызматындагы башкы адис Өзүн-өзү көрсөтүү 33 Эсенбаев Манарбек Байтокович (онлайн) №4 06.07.1984 Жергиликтүү кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 34 Султанова Салима Эргешовна (онлайн) №5 26.04.1979 ЖБК “Кишимжан” директору Өзүн-өзү көрсөтүү 35 Абжапарова Уултай Амалбековна (онлайн) №9 26.07.1975 Өзгөн шаардык БЧБ директору Өзүн-өзү көрсөтүү Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушту
21.10.2025

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушту

Бүгүн, 21-октябрда, КР Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Миссияны Венгриянын өкүлү Тамаш Месерич жетектейт. Делегациянын курамына миссиянын жетекчисинин орун басары Димитра Йоанну (Греция), ошондой эле Словакия, Италия, Түркия, Сербия, Польша жана Белоруссиядан келген шайлоолор жана шайлоо технологиялары боюнча аналитиктер кирет. Тамаш Месерич билдиргендей, Байкоо миссиясынын тобу Кыргызстанга толук курамда келген. Кийинки аптанын башынан тартып, өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо процесстерине байкоо жүргүзө турган 30 узак мөөнөттүү байкоочу ишке киришет. Мындан тышкары, шайлоо мезгилине карата Кыргызстанга 300гө жакын кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтүү боюнча ЕККУга мүчө өлкөлөргө суроо-талап жиберилген. Миссиянын өкүлдөрү БШКнын жыйындарына жана жумушчу топторунун ишине катышууга кызыкдар экенин билдиришип, ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгилешти. Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы шайлоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, алардын максаты - шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана мурдагы шайлоолордо орун алган мыйзам бузуулардын алдын алуу экенин белгиледи. «Биз максатыбызга жеттик - шайлоодо ар бир шайлоочу бир гана жолу жана бир гана талапкерге добуш берет. Бул ыкма бурмалоолорго жана башка мыйзам бузууларга жол бербейт. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептейм», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров. Ошондой эле ал жаңы шайлоо системасы өлкөнүн бардык аймактарынын парламентте адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кыларын, гендердик тең салмактуулукту сактоого жана жарандардын конституциялык укуктарын аралыктан добуш берүү аркылуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Жолугушуу ачык жана конструктивдүү маанайда өтүп, эки сааттай созулду. Катышуучуларга аралыктан добуш берүү жабдууларынын иши жана добуш берүү процесси көрсөтүлдү. Миссиянын өкүлдөрү шайлоо жабдууларына жана аралыктан добуш берүүнүн техникалык аспектилерине кызыгышты. Алар системанын иштөө принциптери, шайлоочуларды идентификациялоо механизмдери жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу бир катар суроолорду беришти. Миссиянын мүчөлөрү бардык суроолоруна толук жана канааттандырарлык жооп алышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу семинарларын баштады
21.10.2025

КР БШКсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу семинарларын баштады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы региондордогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу семинарларын өткөрүүгө киришти. Семинарлар “Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүдө укук коргоо органдарынын иш-аракеттери” деген аталышта 2025-жылдын 21-октябрынан 30-октябрына чейин уланат. Графикке ылайык, семинарлар Баткен шаарында 21-октябрда, Ош шаарында 22-октябрда, Манас, Нарын шаарларында 23-октябрда, Каракол шаарында 24-октябрда, Талас шаарында 27-октябрда, Чүй облусунун Лебединовка айылында 29-октябрда болуп, 30-октябрда Бишкек шаарында жыйынтыкталат. Окууну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана БШКнын аппарат кызматкерлери жүргүзүшөт. Катышуучулар - ички иштер органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана аймактардагы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун мүчөлөрү. Семинардын программасынын алкагында төмөнкү темалар каралат: • 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү; • Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун иши; • шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн (жазык, укуктук) жоопкерчилик; • шайлоо учурунда добуш сатып алууну жана жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу; • шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча даттанууларды сотко чейинки кароо жана териштирүү тартиби. Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топту түзөт. Топтун негизги милдеттери - шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү, жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу. Анын курамына КР БШКнын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирет. Семинарлардын графики
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы бир катар мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту
20.10.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы бир катар мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 20-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Япония, Швейцария, Корея, Венгрия, Индия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча маалымат берди. Дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү негизги уюштуруучулук жана укуктук аспектилер, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу чаралары, эл аралык байкоо жүргүзүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү технологияларын колдонуу маселелери менен таанышышты. Ачык диалогдун жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жеке маалыматтарды коргоо, алдын ала жана расмий жыйынтыктарды эсептөө тартиби, шайлоо күрөөсү жана аралыктан добуш берүүнүн техникалык процедуралары тууралуу суроолорду беришти. Жолугушуунун соңунда катышуучулар шайлоо жабдууларынын иши менен таанышып, аралыктан добуш берүү процесси кандай жүрөрүн көрүштү жана анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү боюнча толук маалымат алышты.  
Кененирээк билүү >>
20-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
20.10.2025

20-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 372 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1. Шабданалиева Замира Акиевна №24 12.06.1955 КР Пенсионерлер саясий партиясынын төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 2. Абиров Жаныбек Болотбекович №21 22.12.1988 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 3. Мерканов Адилет Асанович №27 22.07.1989 Ош облусунун прокуратурасы. Прокурор Өзүн-өзү көрсөтүү 4. Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич №4 23.05.1987 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 5. Сүтүева Гүласыл Буркановна №8 13.12.1972 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 6. Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич №30 12.08.1979  “Бейшембай-Курулуш” ЖЧКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 7. Ашымбаева Токтобүбү Абасовна №20 14.11.1966 И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинин директору Өзүн-өзү көрсөтүү 8. Эсентуров Асылмырза Нурбекович №29 15.06.1994 Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 9. Ганыев Каныбек Токтоматович №2 30.09.1980 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 10. Качкынов Самат Турганбекович №27 29.01.1987 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 11. Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич №9 22.02.1971  “Ahmad Интернейшнл Компани” ЖЧКнын башкы директору Өзүн-өзү көрсөтүү 12. Кулмамбектов Бакытбек Чолпонбекович №25 23.02.1979 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 13. Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич №22 22.04.1961 ”Суймонкул Чокморов” КФ төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 14. Намазова Бурул Тилековна №27 23.03.1979 Жогорку Кенештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Өзүн-өзү көрсөтүү 15. Тойгонбаев Максатбек Маматжанович №3 15.06.1984 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 16. Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич №19 15.04.1992   Өзүн-өзү көрсөтүү 17 Жанузакова Кыял Байышевна №17 08.09.1978 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 18 Эркинбек кызы Акылай №17 19.02.1990 КР ЖКнин депутатынын консультанты Өзүн-өзү көрсөтүү 19 Нурбаев Бакытбек Токтосунович №5 11.05.1973 Нотариус Өзүн-өзү көрсөтүү 20 Примбаев Кымбатбек Шарабидинович №8 17.04.1981 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 21 Койчиева Венера Сапарбековна №29 12.12.1968 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 22 Айдаров Манас Мусадинович №18 04.11.1980 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 23 Сардарбеков Сабырбек №29 01.03.1957  «Алтын Логистик» ЖЧКнын директорунун кеңешчиси Өзүн-өзү көрсөтүү 24 Исеналиев Эркинбек Аскеевич №26 13.03.1968 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 25 Омонова Гульчехра Таабалдиевна №21 11.03.1978 Берекет Ынтымагы СП төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 26 Калматов Жыргалбек Сагынбаевич (онлайн) №3 01.05.1972 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 27 Салиев Атамбек Токтоматович (онлайн) №3 05.02.1987  “Ата Строй Групп” ЖЧКсы Өзүн-өзү көрсөтүү 28 Чалова Гулбарчын Толонбаевна (онлайн) №7 06.03.1977 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 29 Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович (онлайн) №5 26.01.1972 Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Өзүн-өзү көрсөтүү 30 Абдипатта уулу Жумабек  (онлайн) №2 19.01.1996 БатМУ, проректор Өзүн-өзү көрсөтүү Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.А. Юсупов жана каржы боюнча С.А. Осмонов; - №25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Д.К. Кулжанова; - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Жороева Элнура Сабиржановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г. Байженова жана каржы боюнча Ч.М. Жолдошева; - №9 шайлоо округу боюнча талапкер Кадыралиева Ыргал Кармышаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Н.Нурланов жана каржы боюнча Б.А.Маматова; - №27 шайлоо округу боюнча талапкер Асамудинов Бактыбек Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Б. Бейшенов жана каржы боюнча А.К. Мендебаева; - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.А.Досумбетов жана каржы боюнча Т.О.Омурзаков; - №12 шайлоо округу боюнча талапкер Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Р.Ж.Нарматова жана каржы боюнча Н.Б. Сарбагишев; - №7 шайлоо округу боюнча талапкер Джеенбаева Гулуипа Арстанбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Эрнсбек уулу жана каржы боюнча С.А. Джеенбаев; - №15 шайлоо округу боюнча талапкер Эшбаева Миргүл Алманбетовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Ч.М. Баястанов; - №5 шайлоо округу боюнча талапкер Алтыбаева Айнуру Тойчиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А. Закиров жана каржы боюнча Э.Э. Джумадилов. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
1 39 41 481