Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Сузак, Токтогул, Түп жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
• Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Абдуганиева Элмира Турдалиевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маткулова Букалийпа Жапаровнага өткөрүлүп берилди;
• Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Джаныбаева Айнура Омушевнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Осмонкулова Жамила Токтосуновнага (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
* Түп районунун Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Кусеинов Марат Жумаевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тыналиев Искак Жакыповичке өткөрүлүп берилди.
* Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Мамытов Жаңыбай Оморовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумалиев Мирбек Макеновичке өткөрүлүп берилди.
20-Ноя, 2026