Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Жайыл, Ысык-Ата, Ош, Араван, Тоң, Баткен шаардык жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
• Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Уметалиев Султан Замировичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
• Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Молдобаев Бактыбек Садыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
• Ош шаардык кеңешинин депутаты Калыкбердиев Дамир Макамбаевичтин (“Мурас” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Таалайбек уулу Айбекке (“Мурас” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
• Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Касимова Жаннатхан Турсиновнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
• Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Омуров Рустам Кумаргазыевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдылдаева Сайрагул Ибраевнага өткөрүлүп берилди;
• Баткен шаардык кеңешинин депутаты Максутова Гүлмайрам Абдималиковнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдырахманова Гульмира Гапаровнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
• Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты Полотова Канаатхан Имамовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадирова Айтбуву Маккамовнага өткөрүлүп берилди.