Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүү максатында, участкалык шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлеринин даректерин өзгөртүү боюнча токтомдор кабыл алынды.
Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомдору тиркемелерге ылайык өзгөртүлдү.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилди.