Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич жана Каха Инаишвили менен жолугушуу болуп өттү.
КР БШКнын өкүлдөрү ДИАУБ өкүлдөрүнө алдыдагы шайлоого карата уюштуруу жана техникалык даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, иштин негизги багыттары жана ачык-айкын, демократиялык шайлоо процессин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Өзгөчө көңүл шайлоого техникалык даярдык көрүү маселелерине, анын ичинде шайлоо жабдууларын жана шайлоочуларды идентификациялоо системасын алдыдагы тестирлөөгө, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга бурулду.
Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде пандустар менен жабдуу, ошондой эле жаштардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жарандардын эркин билдирүүсүн камсыз кылуу, ачык-айкын жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктары болуп саналарын белгилешти.
Маалымат үчүн:
Жолугушуу ЕККУнун ДИАУБ жол-жоболоруна ылайык өткөрүлдү. Анын максаты - алдыдагы шайлоого карата эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүнүн максатка ылайыктуулугун жана мүмкүнчүлүгүн аныктоо.