Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жаштарынын шайлоого катышуусу, шайлоочулардын активдүүлүгүнүн төмөн болушунун себептери жана аны жогорулатуу жолдорун талкууланган тегерек стол болуп өттү.
Өлкөдөгү шайлоочулардын 42 пайыздан ашыгын, башкача айтканда, 1 млн 735 миңге жакын адамды 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Бирок шайлоочулардын жалпы санындагы үлүшү чоң болгонуна карабастан, жаштардын шайлоого катышуусу төмөн бойдон калууда.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова өз сөзүндө белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын катышуусу болжол менен 36,9 пайызды түзүп, дээрлик 1,8 млн жаш шайлоочунун ичинен 486 миңге жакыны гана добуш берген.
«Биздин милдет - шайлоого катышуунун пайызын жөн гана жасалма түрдө жогорулатуу эмес, аң-сезимдүү, ыктыярдуу жана маалыматка негизделген катышуу үчүн шарттарды түзүү», - деп белгиледи Л. Лурова.
Тегерек столдун жүрүшүндө жаштардын шайлоого катышуусунун төмөн болушунун себептерин изилдөөгө багытталган комплекстүү социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылды. Ошондой эле эл аралык тажрыйба, жаштардын шайлоого катышуусуна тоскоол болгон негизги факторлор жана аларга маалымат жеткирүүнүн натыйжалуу жолдору каралды.
Жаштардын ар кандай курактык топторунун - 18–21, 22–27 жана 28–35 жаштагылардын шайлоого кызыгуусун жогорулатуу боюнча сунуштарга өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар кыска мөөнөттүү маалыматтык кампанияларды жана жарандык, электоралдык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү чараларды да талкуулашты.
Талкуунун жыйынтыгында мындан аркы иштин негизги багыттары, жооптуу аткаруучулар жана натыйжаларды баалоо көрсөткүчтөрү аныкталды. Учурда тегерек столдун жыйынтыктоочу резолюциясын даярдоо иштери башталды.
Түшкөн сунуштар Шайлоочуларды жарандык окутуу жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан жалпыланып, жаштардын электоралдык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жол картасын иштеп чыгууда эске алынат.
Тегерек стол КР БШКнын алдындагы Шайлоочуларды жарандык окутуу жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан уюштурулду. Изилдөөнүн аткаруучусу - «Өнүгүүнү баалоо институту» коомдук уюму.
Иш-чаранын негизги максаты - жаштардын шайлоого катышуусунун төмөн болушунун себептерин аныктоо жана жаштардын шайлоо процессине аң-сезимдүү, активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган практикалык чараларды иштеп чыгуу.
03-Ноя, 2026