2026-жылдын 20-октябрынанан 29-октябрга чейин Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда жарандардын айрым категорияларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер жана координациялык жолугушуулар өттү. Аларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюштурду.
Тренингдердин максаты - адистердин билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын ар кандай категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу жана жеткиликтүү катышуусуна шарт түзүү. 2027-жылдын январь айында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.
Тренингдердин жүрүшүндө мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын өз ара кызматташуусу, санариптик кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жана «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждыктарынын картасы» автоматташтырылган системасынын иштеши талкууланды.
Ошондой эле аскер кызматкерлеринин, камак жайлардагы адамдардын жана социалдык мекемелердин камкордугундагы жарандардын добуш берүүсүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү каралды. Шайлоочуларга маалымат берүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо участкасынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо маселелерине көңүл бурулду. Айрым категориядагы жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүү болушу да өзүнчө талкууланды.
Мындан тышкары, шайлоо укуктарын коргоонун укуктук кепилдиктерин жана практикалык механизмдерин күчөтүү маселеси каралды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, аскер кызматкерлеринин, ошондой эле жарым-жартылай жабык жана жабык мекемелердеги адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоол болгон жагдайларды жоюу жолдору талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында адистер мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын натыйжалуу кызматташуусу, шайлоонун бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болушуна тоскоолдук жараткан көйгөйлөр тууралуу билимдерин тереңдетишти. Алган билимдери жана материалдары аларга президенттик шайлоонун алдында кесиптештери үчүн маалыматтык жана окутуу иш-чараларын өз алдынча өткөрүүгө жардам берет.
Ошондой эле адистер эл аралык байкоочулардын ролу, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) жана башка уюмдардын байкоочу миссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
Бардык аймактарда тренингдерди жана координациялык жолугушууларды өткөрүүгө КР БШКнын атайын өкүлдөрү активдүү көмөк көрсөтүштү.
Тренингдерге жана координациялык жолугушууларга жалпысынан 260тан ашык адис катышты. Алардын арасында шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана стационардык мекемелердин, саламаттык сактоо уюмдарынын, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү болду.

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
