Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук …

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады
24-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында БШКнын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады.

КР Жогорку Кеңеши баяндаманы бир добуштан колдоду. 

Төмөндө баяндаманын толук тексти:

 

“Урматтуу Төрага!

Урматтуу депутаттар!

Үстүбүздөгү жылдын май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. 

Өткөн жыл өлкөнүн шайлоо системасы үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттик шайлоону уюштуруу тартиби жаңыланды, ал эми жаңы шайлоо технологиялары өлкө боюнча кеңири колдонула баштады.

Ошондуктан бүгүн баяндаманын мазмунун толук кайталабастан, жылдын негизги жыйынтыктарына токтолуп кетейин.

2025-жылдын негизги окуясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду.

Бул шайлоо принципиалдуу жаңы укуктук шарттарда өттү. 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аралаш шайлоо системасынан мажоритардык шайлоо системасына өтүү ишке ашырылды.

30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланды.

Ошол эле учурда бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылып, иш жүзүндө шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө болгону эки ай берилди.

Бул кыска мөөнөттө шайлоо процессин толугу менен кайра уюштуруу талап кылынды. Ченемдик базаны даярдоодон жана комиссияларды түзүүдөн тартып, шайлоо участокторун даярдоого жана техникалык жактан камсыздоого чейинки бардык иштер аткарылды.

Шайлоого катышуу ниетин 589 жаран билдирди. 

Каттоонун жыйынтыгы боюнча жана кийин шайлоого катышуудан баш тарткандарды эске алуу менен, акыркы тизмеге 460 талапкер кирди. Алардын ичинен 187си же 41 пайызы – аялдар.

Шайлоо процессинин уюштуруучуларын жана анын катышуучуларын окутуу боюнча да олуттуу иштер аткарылды. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын 26 миңден ашуун мүчөсү окутулду. 

Шайлоо кампаниясы башталгандан тартып талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү. Аларга 400дөн ашуун адам катышты.

Өлкө боюнча ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн даттанууларды кароо жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына ыкчам чара көрүү маселелери боюнча атайын окутуу уюштурулду. Окутуудан 650дөн ашуун кызматкер өттү.

Муну менен катар добуш берүү үчүн шайлоо участокторун даярдоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 2619 шайлоо участогу түзүлдү: 2492си – республиканын аймагында, 100ү – чет өлкөлөрдө, 27си – аралыктан добуш берүү үчүн аэропорттордо, соода борборлорунда жана базарларда.

Бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири - жаңы технологиялык чечимдердин кеңири колдонулушу болду.

Өлкө боюнча реалдуу убакыт режиминде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо ишке киргизилди.

Идентификациядан өткөндөн кийин шайлоо бюллетени түздөн-түз участокто – ар бир шайлоочу үчүн өзүнчө басып чыгарылды. Ошентип, басып чыгарылган бюллетендердин саны идентификациядан өткөн жарандардын санына так дал келди. 

Бул мурдагыдай бюллетендерди миллиондогон нускада борборлоштуруп басып чыгаруу, аларды ташуу, сактоо жана пайдаланылбаган бюллетендерди андан ары жок кылуу практикасынан баш тартууга мүмкүндүк берди.

Жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр биринчи кезекте шайлоого катышууну жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн колдонулду. 

Мындай чечимдердин бири аралыктан добуш берүү болду. 

Шайлоочулар өздөрү иш жүзүндө жүргөн жерден, башкача айтканда, өз шайлоо округунан тышкары добуш бере алышты.

Аралыктан добуш берүүнү 190 миңден ашуун жаран – добуш бергендердин жалпы санынын 12 пайызы пайдаланды.

Чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын шайлоо укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. 

Чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны дээрлик эки эсеге – 59дан 100гө чейин көбөйдү. Алар 34 мамлекетте түзүлдү. 

2021-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 9 826 жаран добуш берген. 2025-жылы алардын саны 26 066га жетти.

Ошентип, чет  өлкөдө добуш бергендердин саны эки жарым эседен ашык өстү. 

Ошондой эле биринчи жолу чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар түздөн-түз борбордук серверге автоматтык түрдө бериле баштады.

Майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө дагы көңүл бурулду. 

Бул үчүн шайлоо бюллетендерине 2,5 миң трафарет жана 3 миң маалыматтык брошюра даярдалды. Шайлоо участокторунун 92 пайызы пандустар менен жабдылды.

Мындан тышкары, ден соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда каралган башка себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү уюштурулду. Бул мүмкүнчүлүктү 9 миңден ашуун шайлоочу пайдаланды.

Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Өлкө боюнча телекөрсөтүү, радио, жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, тышкы жарнама жана коомдук транспорт аркылуу шайлоону өткөрүүнүн жаңы эрежелери, аралыктан добуш берүүнүн тартиби жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциби түшүндүрүлдү.

Шайлоочулардын тизмелери жана талапкерлер тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактарда жана “Тизме” менен “е-Талапкер” санариптик ресурстарында жайгаштырылып турду. 

Ачык-айкындуулук добуш берүү күнү да камсыздалды: шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтар саат сайын жарыяланып, шайлоо участокторунда видеого тартуу жана онлайн алып көрсөтүү жүргүзүлдү.

Урматтуу депутаттар! 

Эми түздөн-түз добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айта кетейин. 

Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилди. 

Добуш берүүгө 1 миллион 584 миң 446 шайлоочу катышты.

Шайлоочулардын жалпы катышуусу 36,9 пайызды түздү.

Мыйзамдуулукту камсыздоо шайлоо кампаниясынын бардык этаптарында артыкчылыктуу багыттардын бири болду. 

Бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын координациялык топтордун алкагында укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып барды.

Шайлоонун жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 274 бузуу жөнүндө маалымат келип түштү. 76 факт боюнча административдик жоопкерчилик чаралары колдонулду. Айып пулдардын жалпы суммасы 731 миң сомду түздү.

Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө финансылык ачыктык толук камсыз кылынды. 

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 757 миллион сом, анын ичинде Тышкы иштер министрлигине чет жактарда жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 58 миллион сом каралган. 

Иш жүзүндө 647,7 миллион сом сарпталды. Ошентип, 109 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлдү.

Талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147 миллион сомду түздү. Бул каражаттар республикалык бюджетке которулду. 

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 1 миллиард 805,6 миллион сом келип түштү. 

Шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана сарпталышы жөнүндө маалымат реалдуу убакыт режиминде “е-Талапкер” маалымат ресурсунда көрсөтүлдү.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү кеңири эл аралык байкоонун алдында өттү. 

58 өлкөдөн келген 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. 

Эл аралык байкоочулардын миссиялары шайлоонун даярдалышын жана өткөрүлүшүн жогору баалашты. Аралыктан добуш берүүнү колдонуу, добуш берүү процессине заманбап технологияларды киргизүү жана добуштарды саноо, ошондой эле бардык шайлоочулар үчүн бирдей шарттарды түзүү жана гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча чаралар өзгөчө белгиленди.

Урматтуу депутаттар!

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен катар жыл ичинде жаштардын шайлоо боюнча сабаттуулугун жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш улантылды. “Жаш жарандын мектеби” программасынын алкагында жаш шайлоочулар шайлоо процесси жана өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө практикалык билимдерди алышты. 

Эл аралык кызматташтык да улантылды. Июнь айында Чолпон-Ата шаарында 12 өлкөнүн шайлоо органдарынын жана 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн башын кошкон Эл аралык Ысык-Көл электоралдык форуму өттү.

2025-жылдагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө топтолгон тажрыйба мындан аркы иштердин негизин түздү.

2026-жылы аралыктан добуш берүү жана шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш улантылды. Мүмкүн болгон мыйзам бузууларды ыкчам көзөмөлдөө жана каттоо максатында шайлоо участокторунда онлайн-трансляция тутуму жаңыланууда. 

Шайлоо жол-жоболорун автоматташтыруу да ырааттуу жүргүзүлүүдө. Талапкерлерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу, эсепке алуу жана сактоо үчүн маалыматтык тутум иштелип чыгууда. Ошондой эле ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу аркылуу талапкерлердин документтерин текшерүүнү автоматташтыруу иштери жүрүп жатат.

Шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктары боюнча электрондук картаны киргизүү иштери жүрүп жатат. 

Топтолгон практикалык тажрыйба шайлоо мыйзамдарын жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүдө да эске алынат.

Урматтуу депутаттар!

2025-жыл өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болду. Өткөрүлгөн шайлоо жаңы шайлоо технологияларын натыйжалуу колдонууга болорун көрсөтүп, жарандардын добуш берүүгө катышуусуна кеңири шарт түздү.

Биздин негизги милдетибиз – ар бир жарандын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын тоскоолдуксуз ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Бул милдет өзгөрүүсүз бойдон калат. 

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>