Башкы Жаңылыктар КР БШКсы укук бузуулар боюнча чара көрүү тууралуу …

КР БШКсы укук бузуулар боюнча чара көрүү тууралуу чечим кабыл алды

31-Мар, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-марттагы жыйынында “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда катталган укук бузуулар боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында БШК тарабынан аталган реестрге айып пул салуу боюнча 15 административдик жаза чарасы тууралуу протоколдор киргизилген. Аталган протоколдор боюнча айып пулдарды ыктыярдуу төлөө мөөнөттөрү (21 күндөн 1448 күнгө чейин) өтүп кеткен.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 555-беренесине ылайык, жаза чарасын колдонуу тууралуу токтом бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылышы керек.

Ошондой эле, Кодекстин 563-беренесинде каралган мөөнөттөрдө айып пулдарды ыктыярдуу төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылган эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

• айып пул салуу боюнча түзүлгөн төрт протокол белгиленген тартипте аткарылбагандыгына жана аткаруу мөөнөтүнүн эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу алардын аткарылышын токтотуу;

• Калган материалдар боюнча, мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу түрдө аткарылбагандыгына байланыштуу, аларды мажбурлап аткаруу чараларын көрүү.

Тийиштүү чараларды ишке ашыруу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөлдү.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
16-Сен, 2026

КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо, ошондой эле шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топторунун жетекчиси Тимур Оторбаев аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо мыйзамдарын жер-жерлерде бирдей колдонууну камсыз кылуу, шайлоо процессинин катышуучуларынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана шайлоо жол-жоболорунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Арыздарды жана даттанууларды кароодо мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду так сактоого, тиешелүү шайлоо комиссиясынын компетенциясын туура аныктоого, арыз ээлеринин жүйөлөрүн объективдүү жана ар тараптуу кароого, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди талаптагыдай тариздөөгө өзгөчө маани берилиши керектиги белгиленди.Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзамдарда белгиленген негизги талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, үгүт материалдарын жайгаштыруунун тартибин так аткаруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка маалыматтык ресурстарды пайдаланууга коюлган талаптарды сактоо, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу маселелери боюнча Тимур Оторбаев кеңири маалымат берди.Белгилей кетсек, КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана жол-жоболордун ачык-айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын коргоо багытындагы иштерди ырааттуу улантууда. 
Кененирээк билүү >>