Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын шайлоо комиссиялары кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту
28 марта 2026
Бүгүн, 28-мартта Минск шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга төрагалар Тынчтык Шайназаров жана Игорь Карпенко тарабынан кол коюлду.
Макулдашуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган жана бир катар негизги багыттар боюнча системалуу кызматташтыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Тактап айтканда, тараптар шайлоо процесстеринин ачык- айкындуулугун жогорулатуу, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү, ошондой эле биргелешкен консультация, семинарлар жана окутуу иш-чараларын өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө макулдашышты.
Практикалык тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат: шайлоону каржылоо жана үгүт иштерин жүргүзүү маселелеринен тартып, санариптик чечимдерди колдонуу жана жарандык агартууну жогорулатууга чейин.
Кызматташтык тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу принциптеринин негизинде жүргүзүлүп, узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөт.
Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташууну мындан ары чыңдоого, кесиптик баарлашууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасында шайлоо процесстеринин сапатын жогорулатууга, ошондой эле демократиялык институттарды мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.































