КР БШК жамааты ишембилик өткөрүштү

28 марта 2026

Бүгүн, 28-мартта КР Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча шаардык эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрүштү.

Төраганын орун басары Бахадыр Конуровдун жетекчилиги алдында КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан «Театральный» багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланды.

Мындай иш-чаралар борбор калаанын тазалыгын сактоодо маанилүү ролду ойнойт жана калк арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлөт.