КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасына иш сапары менен барды
27 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасынын Минск шаарында иш сапары менен жүрөт.
2026-жылдын 26-мартында Беларусь Республикасынын БШКсы менен Кыргыз Республикасынын БШКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюуга арналган иш сапардын алкагында, Т. Шайназаров Жеңиш монументине гүл коюу аземине катышты.
Ошол эле күнү Беларусь Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө КР БШКнын төрагасы Академиянын калк менен иштөө жана шайлоо процесси боюнча борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында студенттердин, саясат таануучулардын жана профилдик борбордун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы: тажрыйба жана өнүгүү» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Т. Шайназаров Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Өзгөчө көңүл шайлоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына бурулуп, программалык камсыздоону модернизациялоо, жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу жана шайлоочулардын укуктук сабаттуулугун кеңейтүү маселелери белгиленди.
Бүгүн, 27-мартта, КР БШКнын төрагасы «Зубрёнок» улуттук балдар билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборуна барып, жаш шайлоочулар клубдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, панелдик талкууга катышып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Эртең, 28-мартта, Минск шаарында Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу пландалууда.




















