№ 22 шайлоо округунан талапкер А.С.Абсалиевдин каттоосу жокко чыгарылды
27 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-январда № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абсалиев Ахматали Садырбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер А.С. Абсалиев КР БШКга 2026-жылдын 26-январында кайрылган.
Белгилей кетсек, ал 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген.
