Башкы Жаңылыктар №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын …

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

28-Янв, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

 

№

Талапкердин ФАА

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1

Арстанбеков Акылбек Советбекович

02.04.1965

«Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

2

Маматаев Эркинбек Садирбекович

23.01.1972

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

3

Асанов

Уланбек

Жалалович

30.11.1970

«Эмитент виртуальных активов» ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

4

Асамудинов  Бактыбек Асанович

30.05.1966

Кыргыз Республикасынын адвокатурасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

5

Калматов Токторали Калдарович

29.05.1976

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

6

Чолпонов Уланычбек Калдарбекович

01.03.1981

Базар-Коргон РЭС жетекчи

Өзүн-өзү көрсөтүү

7

Матсаков Кадырбек Мусаевич

31.03.1977

Жеке адвокат

Өзүн-өзү көрсөтүү

8

Абдыразакова Гульнара Пазылжановна

29.10.1976

Түштүк региону боюнча Бажы кызматынын бөлүм башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Мацаков Бакыт Калбаевич

01.06.1989

“БОУЛ” ЖЧКнын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович

22.03.1978

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Базаркулова Нурсыйда Манасовна

15.09.1973

Ж.Боконбаев атындагы жатак мектеби, мугалим

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Чомоев Алмазбек Алтынбекович

13.10.1979

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Базарбаев Каныбек Суйунучбекович

16.06.1969

Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Мансуралыев Залкарбек Медетбекович

01.01.1998

 “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК, юрист

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Исраилжан уулу Өсөрбек

12.03.1992

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

16

Койчуманова Нуркан Кадыровна

17.09.1967

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн төрайымы

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Нуриев Кубан Бактыбаевич

15.08.1970

Базар-Коргон районунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Атабекова Кызжибек Азимжановна

11.01.1978

 “ГермесКом” ЖЧКнун башкы директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Темирбаева Махсудахан Юлчиевна

16.09.1963

№50 “Эл Нуру” балдар бакчасынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

03.11.1975

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

21

Абдималиков Уланбек Абдималикович

26.07.1991

“Эко Униформ”  ЖЧКнун башкы директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

22

Абсалиев Ахматали Садырбекович

23.04.1981

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

23

Султанова Айжан Абдыкапаровна

31.01.1986

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

24

Апсабырова Гүлнура Байышовна

03.09.1977

"Жаны Доор Сервис" ЖЧКнын бухгалтери

Өзүн-өзү көрсөтүү

25

Бейшенкул уулу Амантур

26.04.1991

Эсептөө палатасынын эсеп боюнча адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

26

Жолдошов Түмөнбек Эркинбекович

04.08.1995

Ноокен РАОАА жана МСЭКБ, бөлүм башчы

Өзүн-өзү көрсөтүү

27

Белеков Мелис Касымович

16.01.1986

Бажы инфраструктурасын капиталдык куруу башкармалыгынын башкы адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

28

Мамасадыков Замирбек Дуйшалиевич

28.01.1981

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

29

Алиева Эльмирахан Кочорбаевна

30.03.1970

Аскер пенсионери

Өзүн-өзү көрсөтүү

30

Шарапаткан Мажитова

24.06.1955

 “Асыл Аманат демилгеси” коомдук бирикмесинин жетекчиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

31

Юлдашева Зиядахан Исламовна

22.10.1967

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары

Өзүн-өзү көрсөтүү


 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>