Башкы Жаңылыктар КР БШК № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун …

КР БШК № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
     № 10 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%); 
- Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (2,49%);
- Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 106 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 63 137 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 46,19% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 275 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмедерине киргизилгендердин 38,24% түздү. 10 862 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,95% түздү. 
№ 10 шайлоо округу боюнча шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоодо 16 талапкер катышты.
№ 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 10 шайлоо округу боюнча шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Кадырбек кызы Нуркыз – 3 202 добуш (5,12%);
2. Эсенбай уулу Талантбек – 2 976 добуш (4,76%);
3. Шалтакова Гулбу Чаловна – 789 добуш (1,26%);
4. Ормонов Улугбек Зулпукарович – 6 735 (10,78%);
5. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (12,22%);
6. Касымова Нурзида Абабакировна – 403 добуш (0,64%);
7. Аттокуров Азрет Али Акылбекович – 4 288 добуш (6,86%);
8. Дыйканбаев Болотбек Жусупович – 4 911 добуш (7,86%);
9. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна – 1 582 добуш (2,53%);
10. Саматов Жыргалбек Алимбаевич – 1 188 добуш (1,90%);
11. Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич – 1 093 добуш (1,75%);
12. Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%);
13. Карашев Аалы Азимович – 3 663 добуш (5,86%);
14. Бакиров Артур Жылдызбекович – 628 добуш (1,00%);
15. Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%);
16. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович – 4 930 добуш (7,89%);
17. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 284 добуш (0,45%).
№ 10 шайлоо округу шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 13 арыз жана даттануу келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы  № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Зулушев Курманкул Токторалыевич, Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич жана Баатырова Гүлнара Маришовна таанылды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>