БШК: Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө

21 ноября 2024

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептеп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.

Участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. Үч күндүн ичинде шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча участкалык комиссиялардын чечимдерине аймактык комиссияларга даттануу мүмкүнчүлүгү болгон.

Азыркы учурда аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдар жана кеңештер боюнча) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышууда жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун (мандатты бөлүштүрүүнүн) жыйынтыктарын аныкташууда.

Мында шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) кароого жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү.

Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген мыйзамдарды бузууларды, анын ичинде талапкерлер жана партиялар тарабынан келип түшкөн билдирүүлөрдү жана арыздарды иликтеген укук коргоо органдарынын материалдарын карап чыгат. Кароонун жыйынтыгы боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечим кабыл алынат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары АШКлар тарабынан добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 8-декабрына чейин) аныкталат.

АШКнын чечимдери үч күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШКнын чечимдери сотко даттанылышы мүмкүн.

Ар бир кеңеш, округ жана участка боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала маалыматтар менен БШКнын сайтынан конкреттүү кеңешти тандоо менен

https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11158/ballot-count?type=CC_COUNCIL&id=3123 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.