Башкы Жаңылыктар КР БШК көзөмөл-текшерүү тобу талапкерлердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

КР БШК көзөмөл-текшерүү тобу талапкерлердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

10-Ноя, 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берет.

Шайлоого 38 саясий партия катышып, 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин 187 партиялык тизмесин көрсөтүшүүдө.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн «Элдик Банк» ААКсында (мурдагы «РСК Банк») жана «Айыл Банк» ААКсында* саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептери ачылган.

*Бул эки банк 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесине киргизилген. (2024-жылдын 23-сентябрындагы № 134 токтому).

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсептин – акча каражаттары кыймылсыз турат, анткени 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳткѳн эмес, жана ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган саясий партиянын 1 атайын эсеби).

Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалымат системасына келип түшөт, «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бетинде көрсөтүлөт жана шайлоочулар үчүн 24/7 мезгилинде жеткиликтүү болот.

Банк мекемелеринен алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын 7-ноябрына карата шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 72 521 979,00 сом келип түшкөн:

Шаардык кеңештердин аталыштары

Келип түшкѳнү

%

Айдаркен шаардык кенеши

331 055,00

0,46%

Базар-Коргон шаардык кенеши

914 010,00

1,26%

Балыкчы шаардык кенеши

1 574 884,00

2,17%

Баткен шаардык кенеши

600 700,00

0,83%

Бишкек шаардык кенеши

32 449 994,00

44,75%

Жалал-Абад шаардык кенеши

1 948 000,00

2,69%

Кадамжай шаардык кенеши

376 600,00

0,52%

Кайынды шаардык кенеши

1 045 420,00

1,44%

Кант шаардык кенеши

1 640 435,00

2,26%

Каракол шаардык кенеши

1 955 440,00

2,70%

Кара-Суу шаардык кенеши

736 850,00

1,02%

Кара-Балта шаардык кенеши

1 491 490,00

2,06%

Кемин шаардык кенеши

771 500,00

1,06%

Кызыл-Кыя шаардык кенеши

1 515 680,00

2,09%

Кочкор-Ата шаардык кенеши

551 230,00

0,76%

Кара-Кѳл шаардык кенеши

624 825,00

0,86%

Орловка шаардык кенеши

156 100,00

0,22%

Кербен шаардык кенеши

624 300,00

0,86%

Майлуу-Суу шаардык кенеши

710 550,00

0,98%

Ош шаардык кенеши

10 238 589,00

14,12%

Таш-Кѳмүр шаардык кенеши

627 580,00

0,87%

Ноокат шаардык кенеши

595 350,00

0,82%

Нарын шаардык кенеши

1 282 870,00

1,77%

Токмок шаардык кенеши

1 890 170,00

2,61%

Ѳзгѳн шаардык кенеши

460 900,00

0,64%

Талас шаардык кенеши

2 959 750,00

4,08%

Сүлүктү шаардык кенеши

1 198 310,00

1,65%

Разаков шаардык кенеши

840 775,00

1,16%

Чолпон-Ата шаардык кенеши

741 140,00

1,02%

Шопоков шаардык кенеши

431 410,00

0,59%

Шамалды-Сай шаардык кенеши

467 532,00

0,64%

Токтогул шаардык кенеши

636 170,00

0,88%

Кѳк-Жаңгак шаардык кенеши

132 370,00

0,18%

Бардыгы

72 521 979,00

100%

Кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине келип түшкөндѳрдүн жалпы суммасы (анын ичинде кирешелер жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Кайрымдуулуктун түрлѳрү

Суммасы

%%

55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары

16 983 072,00

23,4%

55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары

7 888 447,00

10,9%

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары

32 330 952,00

44,6%

55224000 – юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары

40 200,00

0,1%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору

14 189 578,00

19,6%

Кайтарып берүүлѳр (банкттык реквизиттерди туура эмес кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу ж.б.)

1 089 730,00

1,5%

Бардыгы

72 521 979,00

100%

Шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунан 65 753 363,31 сом сарпталды:

Чыгашалардын беренелери

Суммасы

%%

10000000 – Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча тѳлѳмдѳр

43 661,00

0,07%

14511900 – Салыктык эмес башка кирешелер (Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ)

4 100 000,00

6,24%

41000000 – Товарлар үчүн тѳлѳмдѳр

1 193 408,00

1,81%

42000000 – Кызмат кѳрсѳтүү үчүн тѳлѳмдѳр, анын ичинде

6 710 594,03

10,21%

42120000 – Коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана байланыш кызматы

953 479,53

 

42131000 – Ижара акысы

4 941 536,20

 

42151000 – Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызмат кѳрсѳтүүлѳр)

262 779,20

 

44000000 – Кызматкердин эмгек акысына тѳлѳѳлѳр (агитаторлордун, ыйгарым укуктуулардын жана ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, ѳкүлдѳрдүн ж.б. кызматына акы тѳлѳѳлѳр)

9 877 500,00

15,02%

46000000 – жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтары

31 413 831,08

47,78%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору жана кайтаруулар

12 414 369,20

18,88%

Бардыгы

65 753 363,31

100,00%

Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 6 768 615,69 сомду түздү.

Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары бардыгы болуп 4 миллион 100 миң сом түшкөн.

Маалымат иретинде. Мыйзамдык ченемдерге ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин 50 000 сомдон ашпаган өздүк каражаттары;

- 100 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;

- ар бири 50 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;

- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпайт.

Мында алардын шайлоо фондунун чыгашаларынын эң жогорку суммасы 500 000 сомдон ашпашы керек.

Шайлоо күрөөсү БШКнын депозиттик эсебине салынбайт («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык жокко чыгарылган).

Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 50 000 сомду түзѳт.

Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын албаганда) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 20 000 сомду түзѳт.

Шайлоо фонддору «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тыюу салууларга жатпаган жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Шайлоо фонддору атайын максатка ээ жана алар шайлоо өнөктүгүнө байланышкан чыгымдарды жабууга гана жумшалышы керек.

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнча кененирээк маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан тапса болот («Талапкерлер жана партиялар» маалымат ресурсу/«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”/ Шайлоо фонду

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor

БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>