Шайлоо 2024: Ѳзүңүзгѳ ыңгайлуу жерде добуш бериңиз! Баары аралыктан добуш берүү жөнүндө
24 октября 2024
Учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар - туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду.
2024-жылдын 1-ноябрына чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:
• каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;
• добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек (даректерди төмөндө караңыз);
• «Tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗ берсе болот.
“Tizme.gov.kg” сайты “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу авторлошуунун 2 вариантын сунуштайт (иш-аракеттердин ырааты камтылган тиркеме, төмөндө караңыз):
а) FACEID бетинин биометриясы боюнча;
б) ID-картанын маалыматтарын, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен.
Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери:
Бишкек:
Ленин району - Кыргыз улуттук университетинин имаратынын башкы корпус ( Фрунзе кѳч., 547);
Октябрь району - Октябрь райондук администрациясынын имараты, (Байтик баатыр көчөсү, 17, балдардын “Таберик” музыкалык театрынын залы);
Биринчи Май району - К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын имараты (Огонбаев көчөсү № 242);
Свердлов району - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты (Ю.Абдрахманов көчөсү №167);
Ош: А.Навои атындагы орто мектебинде (Масалиева көч., 37);
Баткен: Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде (Ж.Момунов көч., 16);
Жалал-Абад: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имаратында (Т.Байзаков көч., 25;
Каракол: К. Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин имаратында (Тыныстанов көч., 26);
Нарын: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында (Ленин көч., 76);
Талас: А.Токтогулов атындагы облустук китепканада (Ч.Айтматов көч. 353).
“Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берүү боюнча иш-аракеттердин ырааты:
1-кадам. https://tizme.gov.kg/ сайтына кирүү;
2-кадам. “Шайлоочунун кабинетине” ѳтүү;
3-кадам. Белгиленген тартипте бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (электрондук колтамга, ID-карта, QR) же FACEID беттин биометрикасын колдонуу менен авторлошуудан ѳтүү керек. Андан кийин "Кирүү" кнопкасын басуу зарыл.
4-кадам. Системага киргенден кийин “Аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берүү” бөлүмүнө өтүп, “Арыз берүү” кнопкасын басуу керек.
“Шайлоочунун кабинетинде” тиешелүү идентификаторлор (ПИН, паспорттун номери жана сериясы) киргизилгенде шайлоочунун жеке маалыматтары автоматтык түрдө толтурулат.
5-кадам. Андан кийин «Дайындалган шайлоолор» бөлүмүндө жергиликтүү кеңештин түрүн (шаар же айыл) тандап, «Андан ары» кнопкасын басуу керек.
6-кадам. Кийинки терезени ачканда, милдеттүү талааны толтуруу сунушталат:
- “Аралыктагы УШК” графасында тиешелүү АДБ УШКны тандоо керек;
- электрондук почта;
- телефон номери;
- жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.
Эгерде шайлоочу жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүдөн баш тарткан учурда, Шайлоочунун кабинетине арыз берүү мүмкүнчүлүгүнѳ жол берилбейт.
7-кадам. "Ырастоо" кнопкасын баскандан кийин, арыз берүү жол-жоболору аяктайт.
КАЙСЫ ЖЕР ЫҢГАЙЛУУ БОЛСО, ОШОЛ ЖЕРДЕ ДОБУШ БЕРИҢИЗ!