КР БШКда майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу тууралуу БУУнун атайын баяндамачысы менен жолугушуу болуп өттү
02 октября 2024
Министрлер Кабинетинин чакыруусу боюнча майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Хеба Хаграс расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Анын иш сапарынын максаты – майыптыгы бар адамдарга тиешелүү укуктарды жана аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чараларды түшүнүү жана укуктук, саясий жана институционалдык негиздерин баалоо.
2024-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекованын майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга БШКнын төрагасынын орун басары Н. Койчукеев, БШКнын мүчөсү А. Жумалиева, майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси, «Эгль» КФ директору Ч. Өмүрканова жана БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.
Акыркы жылдарда БШК майыптыгы бар адамдардын жана алардын өкүлчүлүктүү уюмдарынын шайлоо процесстерине жана саясий турмушка катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир катар чараларды ишке ашырды. Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу КР БШК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын беш олуттуу багытынын бири болуп саналат.
Майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүн эсепке алууга өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир шайлоо участкасында керектөөлөрдүн картасы түзүлөт, ага майыптыгынын жана добуш берүү үчүн тиешелүү зарыл жардамдын түрүн көрсөтүү менен майыптыгы бар шайлоочулар киргизилген.
Добуш берүү үчүн жайды адаптациялоо жана шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү инклюзивдүү шайлоо процессин камсыз кылуунун маанилүү компоненти болуп саналат. 2017-жылга салыштырганда (27%) шайлоо участкаларынын пандустар менен жабдылышы 3 эседен жогору, 97%ке чейин өстү. Азыр пандустардын стандарттарынын ылайыктуулугун камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат жана бул прокурордук көзөмөлдүн предмети, ошондой эле жеткиликтүүлүгү гана эмес, канчалык стандарттарга ылайык келгендиги жаатында да мыйзамдын ченеми болуп саналат.
БШК бүтүндөйүнөн тоскоолдуксуз чөйрөнү, анын ичинде шайлоо участогуна жолдорду камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштер кийинки этап болуусу керектигин белгиледи.
Хеба Хаграс талапкер катары өзүнүн тажрыйбасы, Египеттин улуттук парламентиндеги иштер, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын талапкер катары шайлоолорго катышуусуна көмөк көрсөтүүнүн эл аралык практикасы жөнүндө айтып берди.
Майыптыгы бар адамдар үчүн квота киргизилген Египеттин парламентиндеги иштин тажрыйбасы менен тааныштырды. Натыйжада парламентке 8 депутат шайланган. Алар тарабынан жалпы маселелер сыяктуу эле, мыйзамдарды майыптыгы бар адамдарды камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча да комплекстүү иштер каралган. Египеттин парламентинде аялдар үчүн, майыптыгы бар адамдар үчүн жана азчылык үчүн квоталар бар.
БШКнын өкүлдөрү эл аралык практикада жана анын жеке тажрыйбасында мамлекет же шайлоо комиссиялары тарабынан талапкерлерге көмөк көрсөтүүнүн кандай мисалдары бар экендиние кызыктарлыгын билдиришти.
БШК эгерде участкалардын жеткиликтүүлүгүнүн маселелери чечилип жатса, анда кийинки этап менен шайлоо участогуна жол, башкача айтканда майыптар үчүн токоолдуксуз чөйрө маселеси тургандыгын белгиледи жана тиешелүү органдар менен бирдикте бул багыттагы ишти улантууну күчөтүүгө даяр эендигин билдиришти. Майыптыгы бар адамдар үчүн каралган атайын чаралар мыйзамдуу бекемделген жана бул шайлоо процессинин туруктуу стандарты болоорунун кепилдиги болуп саналат.
- Хаграс белгилегендей, майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоого жана шайланууга мүмкүнчүлүк жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселелери өтө олуттуу мааниге ээ. Кыргызстан тарабынан кабыл алынган чаралар майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жаатындагы чоң жетишкендик жана прогесс болуп саналат.
- Маалыматтык негизде:
- Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар:
- 2017-жылы майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
- мыйзамдар менен төмөнкү милдеттүү ченемдер каралган: майыптыгынын жана талап кылынган жардамдын түрүн көрсөтүү менен майыптыгы бар адамдардын керектөөлөрүнүн картасын түзүү жолу менен, ар бир участка боюнча майыпыгы бар шайлоочуларды жыл сайын эсепке алуу;
- талапкерлердин жана саясий партиялардын үгүт материалдарынын 1% кем эмеси атайын форматтарда даярдалат;
- ар бир УШК добуш берүү үчүн атайын кабина, чоңойтуп көрсөтүүчү айнектер (лупа), трафареттер жана добуш берүү үчүн бюллетендер, Брайл шрифти менен басылган добуш берүү нускамалары менен камсыз кылынат. Шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык плакаттар, Брайл шрифти менен басылган брошюралар даярдалат.
- пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 2024-жылы 97% чейин көбөйдү (2017-жылда – 27%):
- угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочуларга маалымдоо үчүн БШК
- CALL-борбору WhatsApp номери боюнча шайлоочулар менен видеобайланышты чыгарды, ал боюнча угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочулар өзүлөрүнүн суроолоруна жаңсап көрсөтүү жолу менен жооп ала алышты. БШК CALL-борборунун ишине майыптыгы бар адамдар туруктуу негизде тартылат.