Башкы Жаңылыктар КР БШКда майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз …

КР БШКда майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу тууралуу БУУнун атайын баяндамачысы менен жолугушуу болуп өттү

02-Окт, 2024

Министрлер Кабинетинин чакыруусу боюнча майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Хеба Хаграс расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Анын иш сапарынын максаты – майыптыгы бар адамдарга тиешелүү укуктарды жана аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чараларды түшүнүү жана укуктук, саясий жана институционалдык негиздерин баалоо.

2024-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекованын майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга БШКнын төрагасынын орун басары Н. Койчукеев, БШКнын мүчөсү А. Жумалиева, майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси, «Эгль» КФ директору Ч. Өмүрканова жана БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

Акыркы жылдарда БШК майыптыгы бар адамдардын жана алардын өкүлчүлүктүү уюмдарынын шайлоо процесстерине жана саясий турмушка катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир катар чараларды ишке ашырды. Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу КР БШК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын беш олуттуу багытынын бири болуп саналат.

Майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүн эсепке алууга өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир шайлоо участкасында керектөөлөрдүн картасы түзүлөт, ага майыптыгынын жана добуш берүү үчүн тиешелүү зарыл жардамдын түрүн көрсөтүү менен майыптыгы бар шайлоочулар киргизилген.

Добуш берүү үчүн жайды адаптациялоо жана шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү инклюзивдүү шайлоо процессин камсыз кылуунун маанилүү компоненти болуп саналат. 2017-жылга салыштырганда (27%) шайлоо участкаларынын пандустар менен жабдылышы 3 эседен жогору, 97%ке чейин өстү. Азыр пандустардын стандарттарынын ылайыктуулугун камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат жана бул прокурордук көзөмөлдүн предмети, ошондой эле жеткиликтүүлүгү гана эмес, канчалык стандарттарга ылайык келгендиги жаатында да мыйзамдын ченеми болуп саналат.

БШК бүтүндөйүнөн тоскоолдуксуз чөйрөнү, анын ичинде шайлоо участогуна жолдорду камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштер кийинки этап болуусу керектигин белгиледи.

Хеба Хаграс талапкер катары өзүнүн тажрыйбасы, Египеттин улуттук парламентиндеги иштер, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын талапкер катары шайлоолорго катышуусуна көмөк көрсөтүүнүн эл аралык практикасы жөнүндө айтып берди.

Майыптыгы бар адамдар үчүн квота киргизилген Египеттин парламентиндеги иштин тажрыйбасы менен тааныштырды. Натыйжада парламентке 8 депутат шайланган. Алар тарабынан жалпы маселелер сыяктуу эле, мыйзамдарды майыптыгы бар адамдарды камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча да комплекстүү иштер каралган. Египеттин парламентинде аялдар үчүн, майыптыгы бар адамдар үчүн жана азчылык үчүн квоталар бар.

БШКнын өкүлдөрү эл аралык практикада жана анын жеке тажрыйбасында мамлекет же шайлоо комиссиялары тарабынан талапкерлерге көмөк көрсөтүүнүн кандай мисалдары бар экендиние кызыктарлыгын билдиришти.

БШК эгерде участкалардын жеткиликтүүлүгүнүн маселелери чечилип жатса, анда кийинки этап менен шайлоо участогуна жол, башкача айтканда майыптар үчүн токоолдуксуз чөйрө маселеси тургандыгын белгиледи жана тиешелүү органдар менен бирдикте бул багыттагы ишти улантууну күчөтүүгө даяр эендигин билдиришти. Майыптыгы бар адамдар үчүн каралган атайын чаралар мыйзамдуу бекемделген жана бул шайлоо процессинин туруктуу стандарты болоорунун кепилдиги болуп саналат.

  • Хаграс белгилегендей, майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоого жана шайланууга мүмкүнчүлүк жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселелери өтө олуттуу мааниге ээ. Кыргызстан тарабынан кабыл алынган чаралар майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жаатындагы чоң жетишкендик жана прогесс болуп саналат.
  • Маалыматтык негизде:
  • Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар:
  • 2017-жылы майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
  • мыйзамдар менен төмөнкү милдеттүү ченемдер каралган: майыптыгынын жана талап кылынган жардамдын түрүн көрсөтүү менен майыптыгы бар адамдардын керектөөлөрүнүн картасын түзүү жолу менен, ар бир участка боюнча майыпыгы бар шайлоочуларды жыл сайын эсепке алуу;
  • талапкерлердин жана саясий партиялардын үгүт материалдарынын 1% кем эмеси атайын форматтарда даярдалат;
  • ар бир УШК добуш берүү үчүн атайын кабина, чоңойтуп көрсөтүүчү айнектер (лупа), трафареттер жана добуш берүү үчүн бюллетендер, Брайл шрифти менен басылган добуш берүү нускамалары менен камсыз кылынат. Шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык плакаттар, Брайл шрифти менен басылган брошюралар даярдалат.
  • пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 2024-жылы 97% чейин көбөйдү (2017-жылда – 27%):
  • угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочуларга маалымдоо үчүн БШК
  • CALL-борбору WhatsApp номери боюнча шайлоочулар менен видеобайланышты чыгарды, ал боюнча угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочулар өзүлөрүнүн суроолоруна жаңсап көрсөтүү жолу менен жооп ала алышты. БШК CALL-борборунун ишине майыптыгы бар адамдар туруктуу негизде тартылат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>