Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

18-Сен, 2024

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

КАЙРЫЛУУСУ

 

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгы (мындан ары – Жарлык) менен Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы жергиликтүү кеңештеринин шайлоосу 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аралыктан добуш берүүнү колдонуу жүктөлдү. Аралыктан добуш берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) чечими менен бекитилет.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

 

Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ,
18 жашка толгон, шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы, паспорттун чибинде жазылган белги менен, же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегин Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) каттоо менен аныкталат.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жарандардын добуш берүүсүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берсеңиздер болот.

Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн төмөнкү шаарларда шайлоо участкалары түзүлөрү болжолунда:

1. Бишкек

2. Ош

3. Каракол

4. Жалал-Абад

5. Нарын

6. Талас

7. Баткен

Аралыктан добуш берүүгө катышуу боюнча  маалыматты - 1255 кыска номеринен тактай аласыз

Аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулар 2024-жылдын  1-ноябрына чейин төмөнкүдөй арыз бериши керек:

- добуш берүү күнү шайлоочу убактылуу турган жердеги аймактык шайлоо комиссиясына;

- “Tizme” шайлоочулардын порталындагы (tizme.gov.kg) электрондук “Шайлоочулар кабинети” (voter-cabinet.srs.kg) аркылуу.

Шайлоочулардын алдын-ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында 2024-жылдын 23-сентябрында (добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калганга чейин) шайлоочулар көрсөтүлгөн маалыматтар менен таанышуу жана тактоо үчүн шайлоо участкалары боюнча жайгаштырылган. 

  Ошондой эле добуш берүү күнүнө 50 календарлык күн калганда б.а.          2024-жылдын 28-сентябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:

  • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
  • шайлоо участогунда;
  • «119» номерине  өзүңүздүн ПИН – паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СМС-билдирүү  жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).

Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2024-жылдын                                 1-ноябрына чейин (кошуп алганда) КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

 

Биометрикалык идентификациядан өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санарипттик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук  түзүм) ушул  жол-жободон өтсө болот.

Арызды электрондук форматта, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына, белгиленген тартипте авторлошуудан ѳтүү аркылуу берсе да болот.

Шайлоодо  добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жаран жергиликтү  кеңештин депутаты болуп  шайлана алат. 

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Жергиликтүү кеңештердин көп мандаттуу шайлоо округундагы депутаттарын шайлоону  өткөрүү  үчүн  аймактык  шайлоо  комиссиялары  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  өкүлдөрүнүн  сунуштары  менен  добуш  берүү  күнүнө  чейин  50  календардык  күндөн  кечиктирбестен,  б.а.  2024-жылдын  28-сентябрына  чейин  шайлоо  округдарынын  схемасын  жана  чек  араларын  иштеп  чыгат  жана  аларды  бекитүү  үчүн  КР БШКга    киргизет. 

Көп  мандаттуу  шайлоо  округдары  бир  мандатка  шайлоочулардын  санынын  болжолдуу  бирдейлиги  менен  (шайлоочулардын  өкүлчүлүгүнүн  орточо  ченеминен, эреже катары,  15  пайыздан  ашпаган,  ал  эми  жетүүгө  кыйын  жана  алыскы  жерлерде  20  пайыздан  ашпаган  жол  берилген  орточо  ченеминен  четтөө  менен)    түзүлөт.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот.

Шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жана ар бир округ боюнча аялдар үчүн резервге алынган мандаттардын саны жөнүндө маалыматтар менен КР БШКнын расмий сайтынан көрүп алсаңыз болот  www.shailoo.gov.kg.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү аркылуу жарандарга берилет.

Шаардык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу пропорционалдык системасы боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу мажоритардык системасы боюнча өткөрүлөт.

Саясий партиянын бирдиктүү шайлоо округуна же көп мандаттуу шайлоо округуна талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Талапкерлердин тизмесин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын областтык бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болгон адамдарды талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калганда аяктайт, б.а. 2024-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, б.а. 2024-жылдын 18-октябрында аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт, б.а. 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00гө чейин.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калганда аяктайт, б.а. 2024-жылдын 28-октябрына чейин.

 

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында калыстыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу максатында тадапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы ийгиликтүү киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), орто билими бардыгы (ББжИМ) ж.б.).

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына басма сөз түрүндө жана электрондук маалымат каражаттарында. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына электрондук машина окуй турган түрдө киргизилиши керек.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштердин башталышы:

- шаардык кеңештерге 2024-жылдын 18-октябрынан тартып;

- айылдык кеңештерге 2024-жылдын 28-октябрынан тартып;

2024-жылдын 16-ноябрында саат 8:00до аяктайт.

2024-жылдын 17-ноябры – добуш берүү күнү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары
2024-жылдын 8-декабрына чейин (добуш берүү күнүнөн тартып                        20 календардык күндөн кечиктирилбестен) аныкталат.

Айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо резервке калтырылган мандаттар алгач башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.

Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 27-сентябрына чейин (кошуп алганда) КР БШКга жазуу жүзүндөгү арызын берүү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылманын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

 

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктаган күндөн башталат, б.а. шаардык кеңештер боюнча 2024-жылдын 18-октябрынан тартып, жергиликтүү кеңештер боюнча 2024-жылдын 28-октябрынан тартып добуш берүү күнү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

 

КР БШК аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.

 

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты,

www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы,

www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө порталы,

www.ess.shailoo.gov.kg – маалыматтык шайлоо системасы.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:

- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;

- жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоо;

- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо  зарыл) жылуулук  менен  камсыздоо;

- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

         «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.

         Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды.

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.

          Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз иштерди уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды камсыздоо – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

 

КР БШК өз тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын негизинде тынч атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.

Мамлекет тарабынан талапкерлер жана шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Талапкерлер жана шайлоочулар жогорку жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп, шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып, талапкерлер мыйзамсыз аракеттерге (добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу) барбайт деп күтөбүз.

БШКнын маалымат ресурстары

 

КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар  жайгаштырылат.

БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо  комиссияларына  (КР  БШК,  ОШК,  УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган  чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.

БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

  • 1255 – кыска номери;
  • 0(707)01-12-55; 0(221)85-12-55 WhatsApp номерлери;
  • 0312 62-62-46 – ишеним телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.

0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда. 
Кененирээк билүү >>
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>