Башкы Жаңылыктар КР БШК №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз …

КР БШК №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн окуу өткөрдү

28-Авг, 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн окуу өткөрдү.

Окууну КР БШКнын мүчөсү К.А. Маматов, ошондой эле КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери ѳткѳрүштү.

Окуунун максаты - талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери, юридикалык жоопкерчилик, шайлоо өнөктүгүн каржылоо, ачык-айкындуулуктун ѳбѳлгѳлѳрү жана шайлоо процессинде аныктыкты көзөмөлдөө жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.

Катышуучуларга КР БШКнын расмий сайтындагы негизги маалыматтык ресурстар көрсөтүлдү, аларды шайлоо өнөктүгүн уюштуруу үчүн талапкерлер да, ошондой эле ишенимдүү маалымат алуу үчүн шайлоочулар да пайдалана алышат, алар:

- “Тизме” мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/), ал шайлоочулардын учурдагы тизмеси менен шайлоо участкалары боюнча таанышууга мүмкүндүк берет;

- «Шайлоо участкалары жана округдары» географиялык маалымат системасы (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map);

- АЭУнун маалыматтары боюнча жана кол менен эсептөөнүн негизинде шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгууга арналган маалыматтык шайлоо системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home);

- “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык маалыматтары” веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/), анын ичинде шайлоолор жана референдумдар боюнча статистика.

- атайын электрондук ресурс - Даттануулардын жана кайрылуулардын реестри, анда шайлоо комиссияларына (Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына, ОШКларга, УШКларга) берилген даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышууга болот. (https://shailoo.gov.kg/kg /registry/).

Талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддору жөнүндө маалыматты КР БШКнын ресурсу – “Талапкер” сайтынан (http://talapker.shailoo.gov.kg/) тапса болот.

Белгилей кетсек, колдонуудагы шайлоо мыйзамдары бардык талапкерлер үчүн эркин атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзөт. Ошол эле учурда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн жана шайлоочулардын катышуусун эсепке алуунун ишенимдүүлүгү кепилденет.

Ушуга байланыштуу КР БШК талапкерлерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын, үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого чакырат жана шайлоо процессине жоопкерчиликтүү катышууну күтөт. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында КР БШКнын жумушчу топтору бардык пайда болгон маселелер боюнча талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тез арада консультацияларды берүүгө даяр.

Окуунун жүрүшүндө талапкерлер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2024-жылдын 21-сентябрында саат 08:00гө чейин уланат. Талапкерлердин теледебаттары жана жекече чыгып сүйлөѳсү Жалал-Абад УТРКсы аркылуу көрсөтүлөт.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>