Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо фондунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк …

БШК шайлоо фондунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады.

06-Мар, 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлерге шайлоо фондунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл банк” ААКсын аныкталды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык:

1) Депутаттыкка талапкер шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өздүк шайлоо фондун түзөт.

2) Шайлоо фондун тузуучу бардык каражаттар банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп БШКнын уруксаты менен талапкер же саясий партия тарабынан ачылат.

Каттоо учун талапкер шайлоо фондунун атайын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн 100 000 сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.

   Шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин эсептик көрсөткүчтөн 150000 сомдон ашпаган өздүк каражаттарынан;

- аны көрсөткөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн эсептик көрсөткүчтөн 100 000 сомдон ашпаган каражаттарынан;

- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 200 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;

 -өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.

Талапкердин шайлоо фондунан келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 10 000 000 сомдон ашпашы керек. Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттатыгына талапкердин шайлоо фондун ачуу жонундо кенен маалымат ( www.shailoo.gov.kg) БШКанын официалдуу сайтында, БШКанын ченемдик укутук актыларынын жоболор болумундо, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» жобосунда жана https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Polojeniya_CIK_KRBShKnyn_Joboloru/polozhenie-o-poryadke-formirovaniya-ucheta-postupleniya-i-rashodovaniya-denezhnyh-sredstv-izbiratelnogo-fonda-politicheskoj-partii-pri-provedenii-vyborov-deputatov-zhogorku-kenesha-kyrgyzskoj-respubliki/ :(https://www.shailoo.gov.kg/ru/npacik/Polojeniya_CIK_KRBShKnyn_Joboloru/polozhenie-o-poryadke-formirovaniya-ucheta-postupleniya-i-rashodovaniya-denezhnyh-sredstv-izbiratelnogo-fonda-politicheskoj-partii-pri-provedenii-vyborov-deputatov-zhogorku-kenesha-kyrgyzskoj-respubliki/) шилтемесинде жайгашкан.

Талапкердин шайлоо фондун акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышы жонундо маалымат Талапкер (Кандидат) порталында жайгашкан.

  • https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary)

Телефон: 0 (312) 66 02 61.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>