Ош шаарындагы жаштар жана МБА үчүн жаш жарандын мектеби
11 декабря 2023
2023-жылдын 5-дебарынан 7-декбарына чейин «Гендердик зулумчулукка каршы активдешүүнүн 16 күнү» ѳнѳктүгүнүн алкагында КР БШК жарандык жана санариптик били берүү борборунун кѳмѳктѳшүүсүндѳ Шайлоо системасынын эл аралык фонду (IFES) майыптыгы бар адамдарды кошуп алганда жаштар үчүн жаш жарандын мектебин ѳткѳрдү.
КР БШК мүчѳсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси А.К. Жумалиева ушул иш-чарага, ошондой эле 2023-жылдын 8-декбарында ѳткѳн «Шайлоо процессине аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын катышуусу» темасында ѳткѳрүлгѳн тегерек столго катышты.
Кыргызстандын жаш жарандары болочоктогу шайлоочулар болуп саналышат, ошондуктан алардын шайлоого карата жооптуу жана түшүнүп кабыл алуу мамилесин калыптандыруу маанилүү болуп саналат. «Жаштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 жаңы мыйзамынын кабыл алынышы менен жаштардын курагы 35 жашка жогорулады. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-феварында күчүнѳ кирет. Эми бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесиинин түзүмүндѳ (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) жаш шайлоочулардын үлүшү 43,57% болот, бул 1 735 417 адамды түзѳт.
Жыл сайын Кыргыз Республикасынын шайлоочулардын тизмесинде 18 жашка толгон 80 миңге жакын жаңы шайлоочу кошулуп жатканынын белгилѳѳ зарыл.
Шайлоолорго катышып, добуш берүү аркылуу жаш адам мамлекеттин ѳнүгүшүнѳ таасирин тийгизе алат. Бул жаштарды тартуунун кѳптѳгѳн формаларынын бири болуп саналса да, жаш адам үчүн бул 8ѳзүн кѳрсѳтүүнүн жана анын, ошондой эле анын жамаатынын кѳйгѳйлѳрүнѳ таасир этүүнүн күчтүү ѳбѳлгѳсү болуп саналат. Бул дагы башка формаларга катышуунун башталгычы болору бышык.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ жаш шайлоочулар бүгүнкү жана эртеңки саясатты калыптандырууда үн кошуу укугуна ээ болуу менен чечимди кабыл алуу процессине жаштарды тартуунун канчалык маанилүү экендиктерин баяндашты. Анткени шайлоого жаштардын инклюзитивдүү катышуусу жаштардын кызыкчылыктарын эске алган туруктуу жана бейкут коомду куруу үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Үч күндүк жаш жарандын мектибинин программасы кызыктуу жана маанилүү болду. Мамлекеттик түзүлүш жана адамдын жана жарандын укуктары жѳнүндѳ билимди ѳркүндѳтүүдѳн тышкары катышуучулар үчүн шайлоолордун аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иштѳѳсү кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү ѳткѳрүлдү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар сертификаттарды алышты.
«Шайлоо процессине аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын катышуусу» темасында ѳткѳрүлгѳн тегерек столдун алкагында мүкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саясий турмушка тең укуктуу жана инклюзитивдүү катышуусунун мааниси жѳнүндѳ, талапкер катары алардын пассивдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууда алардын потенциалын жогорулатуу тууралуу коомчулуктун маалымат алуусун жогорулатуу максатында ѳткѳрүлгѳн иш-чаралар боюнча маалымат берилди.
2023-жылдын октябрына карата абал боюнча керектѳѳ картасына киргизилген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын саны 18 583 адамды түзѳт, алардын ичинен 9 402 (50,6 %) эркектер, 9 181 (49,4%) аялдар болуп саналышат.
Аймактар боюнча майып шайлоочулардын саны:
1. Бишкек ш. – 6608 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар, алардын ичинен эркектер -3043 (46,1%), аялдар – 3565 (53,9%).
2. Ош ш. - 256, алардын ичинен эркектер -114 (44,5%), аялдар - 142 (55,5%).
3. Баткен облусунда – 810, алардын ичинен эркектер – 413 (51,0%), аялдар – 397 (49,0%).
4. Жалал-Абад облусунда – 1574, алардын ичинен эркектер – 854 (54,3%), аялдар – 720 (45,7%).
5. Ысык-Кѳл облусунда – 413, алардын ичинен эркектер – 172 (41,6%), аялдар – 241 (58,4%).
6. Нарын облусунда – 602, алардын ичинен эркектер – 351 (58,3%), аялдар – 251 (41,7%).
7. Ош облусунда – 2685, алардын ичинен эркектер – 1439 (53,6%), аялдар – 1246 (46,4%).
8. Талас облусунда – 265, алардын ичинен эркектер – 127 (47,9%), аялдар – 138 (52,1%).
9. Чүй облусунда – 5370, алардын ичинен эркектер – 2889 (53,8%), аялдар – 2481 (46,2%). Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзитивдүү чѳйрѳнү түзүү үчүн КР БШК жумушка орноштуруу багытында бардык күч-аракетин жумшоодо. Алсак, шайлоо комиссияларында мүмкүңнчүлүктѳрү чектелүү 38 адам эмгектенет. Алардын ичинен БШКнын аппаратындагы 131 кызматкердин 2 адамы (1,53%), 54 облустук шайлоо комиссияларында - 648 адамдын 2 адамы (0,31%), участкалык шайлоо комиссияларынын 2436 мүчѳсүнѳн 34 мүчѳсү (0,11%) майыптыгы бар адамдар иштешет.