Башкы Жаңылыктар Ош шаарындагы жаштар жана МБА үчүн жаш жарандын …

Ош шаарындагы жаштар жана МБА үчүн жаш жарандын мектеби

11-Дек, 2023

2023-жылдын 5-дебарынан 7-декбарына чейин «Гендердик зулумчулукка каршы активдешүүнүн 16 күнү» ѳнѳктүгүнүн алкагында КР БШК жарандык жана санариптик били берүү борборунун кѳмѳктѳшүүсүндѳ Шайлоо системасынын эл аралык фонду (IFES) майыптыгы бар адамдарды кошуп алганда жаштар үчүн жаш жарандын мектебин ѳткѳрдү.

КР БШК мүчѳсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси А.К. Жумалиева ушул иш-чарага, ошондой эле 2023-жылдын 8-декбарында ѳткѳн «Шайлоо процессине аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын катышуусу» темасында ѳткѳрүлгѳн тегерек столго катышты.

Кыргызстандын жаш жарандары болочоктогу шайлоочулар болуп саналышат, ошондуктан алардын шайлоого карата жооптуу жана түшүнүп кабыл алуу мамилесин калыптандыруу маанилүү болуп саналат. «Жаштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 жаңы мыйзамынын кабыл алынышы менен жаштардын курагы 35 жашка жогорулады. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-феварында күчүнѳ кирет. Эми бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесиинин түзүмүндѳ (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) жаш шайлоочулардын үлүшү 43,57% болот, бул 1 735 417 адамды түзѳт.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын шайлоочулардын тизмесинде 18 жашка толгон 80 миңге жакын жаңы шайлоочу кошулуп жатканынын белгилѳѳ зарыл.

Шайлоолорго катышып, добуш берүү аркылуу жаш адам мамлекеттин ѳнүгүшүнѳ таасирин тийгизе алат. Бул жаштарды тартуунун кѳптѳгѳн формаларынын бири болуп саналса да, жаш адам үчүн бул 8ѳзүн кѳрсѳтүүнүн жана анын, ошондой эле анын жамаатынын кѳйгѳйлѳрүнѳ таасир этүүнүн күчтүү ѳбѳлгѳсү болуп саналат. Бул дагы башка формаларга катышуунун башталгычы болору бышык.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ жаш шайлоочулар бүгүнкү жана эртеңки саясатты калыптандырууда үн кошуу укугуна ээ болуу менен чечимди кабыл алуу процессине жаштарды тартуунун канчалык маанилүү экендиктерин баяндашты. Анткени шайлоого жаштардын инклюзитивдүү катышуусу жаштардын кызыкчылыктарын эске алган туруктуу жана бейкут коомду куруу үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Үч күндүк жаш жарандын мектибинин программасы кызыктуу жана маанилүү болду. Мамлекеттик түзүлүш жана адамдын жана жарандын укуктары жѳнүндѳ билимди ѳркүндѳтүүдѳн тышкары катышуучулар үчүн шайлоолордун аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иштѳѳсү кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү ѳткѳрүлдү.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар сертификаттарды алышты.

 

«Шайлоо процессине аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын катышуусу» темасында ѳткѳрүлгѳн тегерек столдун алкагында мүкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саясий турмушка тең укуктуу жана инклюзитивдүү катышуусунун мааниси жѳнүндѳ, талапкер катары алардын пассивдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууда алардын потенциалын жогорулатуу тууралуу коомчулуктун маалымат алуусун жогорулатуу максатында ѳткѳрүлгѳн иш-чаралар боюнча маалымат берилди.

2023-жылдын октябрына карата абал боюнча керектѳѳ картасына киргизилген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын саны 18 583 адамды түзѳт, алардын ичинен 9 402 (50,6 %) эркектер, 9 181 (49,4%) аялдар болуп саналышат.

Аймактар боюнча майып шайлоочулардын саны:

1. Бишкек ш. – 6608 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар, алардын ичинен эркектер -3043 (46,1%), аялдар – 3565 (53,9%).

2. Ош ш. - 256, алардын ичинен эркектер -114 (44,5%), аялдар - 142 (55,5%).

3. Баткен облусунда – 810, алардын ичинен эркектер – 413 (51,0%), аялдар – 397 (49,0%).

4. Жалал-Абад облусунда – 1574, алардын ичинен эркектер – 854 (54,3%), аялдар – 720 (45,7%).

5. Ысык-Кѳл облусунда – 413, алардын ичинен эркектер – 172 (41,6%), аялдар – 241 (58,4%).

6. Нарын облусунда – 602, алардын ичинен эркектер – 351 (58,3%), аялдар – 251 (41,7%).

7. Ош облусунда – 2685, алардын ичинен эркектер – 1439 (53,6%), аялдар – 1246 (46,4%).

8. Талас облусунда – 265, алардын ичинен эркектер – 127 (47,9%), аялдар – 138 (52,1%).

9. Чүй облусунда – 5370, алардын ичинен эркектер – 2889 (53,8%), аялдар – 2481 (46,2%). Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзитивдүү чѳйрѳнү түзүү үчүн КР БШК жумушка орноштуруу багытында бардык күч-аракетин жумшоодо. Алсак, шайлоо комиссияларында мүмкүңнчүлүктѳрү чектелүү 38 адам эмгектенет. Алардын ичинен БШКнын аппаратындагы 131 кызматкердин 2 адамы (1,53%), 54 облустук шайлоо комиссияларында - 648 адамдын 2 адамы (0,31%), участкалык шайлоо комиссияларынын 2436 мүчѳсүнѳн 34 мүчѳсү (0,11%) майыптыгы бар адамдар иштешет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>