Башкы Жаңылыктар Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мѳѳнѳтүнѳн мурда …

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак ѳткѳрүлдү

07-Май, 2023

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак ѳткѳрүлдү

 

Бүгүн, 2023-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн УТРКда жана «Кабар» КУМАда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак ѳткѳрдү.

Чүчүкулак өткөрүү жыйынтыгы боюнча позициялар төмөнкүдөй аныкталды:

Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар – УТРКда:

ДАТА

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАА

2023-жылдын

22 -майы

22:20

Айткулов Муктарбек Мукулович

Скорняков Андрей Владимирович

Айтбаев Акыл Казакович

Субанов Айбек Манасбекович

Мадылбеков Эльдар Туратбекович

Сарылдык уулу Илгиз

Бакир уулу Турсунбай

2023-жылдын

23 -майы

22:20

Джеенбеков Равшан Бабырбекович

Бекназаров Руслан Азимбекович

Аттокур уулу Илимбек

Мураталиев Бакытбек Баймбетович

Искаков Эртай Дуйшобекович

Керимбеков Бакыт Макенович

2023-жылдын 24 -майы

22:20

Кадралиев Асылбек Мэлсович

Камбаров Мирлан Адилбекович

Исмаилова Карачач Джумаевна

Токталиев Акин Усубалиевич

Макешов Кубанычбек Бектемирович

Ниязалиева Дамира Абаскановна

2023-жылдын 25 -майы

22:20

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

Булекбаев Эркин Касымович

Тазабекова Гулшат Алпамышовна

Суваналиев Омурбек Исакович

Маликов Аким Маликович

Сагидаева Салтанат Ариповна

2023-жылдын 26 -майы

22:20

Эмилов Темир Аттокурович

Кунакунов Максат Касымжанович

Тербишалиев Данияр Омурзакович

Сариев Улан Алмасбекович

Рысалиев Бактыбек Коржубаевич

Айдаралиева Таалайкул Муратовна

 

Талапкерлердин жеке чыгып сүйлөөлөрү – УТРКда:

ДАТА

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАА

2023-жылдын 10-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Сариев Улан Алмасбекович

Маликов Аким Маликович

Керимбеков Бакыт Макенович

Тазабекова Гулшат Алпамышовна

2023-жылдын11-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Токталиев Акин Усубалиевич

Камбаров Мирлан Адилбекович

Мадылбеков Эльдар Туратбекович

Айдаралиева Таалайкул Муратовна

2023-жылдын 12-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Мураталиев Бакытбек Баймбетович

Кунакунов Максат Касымжанович

Булекбаев Эркин Касымович

Сагидаева Салтанат Ариповна

2023-жылдын 15-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Айткулов Муктарбек Мукулович

Скорняков Андрей Владимирович

Аттокур уулу Илимбек

Тербишалиев Данияр Омурзакович

2023-жылдын 16-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Джеенбеков Равшан Бабырбекович

Айтбаев Акыл Казакович

Суваналиев Омурбек Исакович

Макешов Кубанычбек Бектемирович

2023-жылдын 17-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Сарылдык уулу Илгиз

Бакир уулу Турсунбай

Субанов Айбек Манасбекович

Бекназаров Руслан Азимбекович

2023-жылдын 18-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

20:35-20:45

Кадралиев Асылбек Мэлсович

Эмилов Темир Аттокурович

Рысалиев Бактыбек Коржубаевич

Исмаилова Карачач Джумаевна

2023-жылдын 19-майы

20:00-20:10

20:10-20:20

20:25-20:35

Искаков Эртай Дуйшобекович

Ниязалиева Дамира Абаскановна

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

 

 

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери 2023-жылдын 8-майында башталып, 2023-жылдын 27-майында саат 08:00дө аяктайт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>