БШК Бишкек шаарынын 2 округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады

27 декабря 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 27-декабрында өткөн жыйналышында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону жекшембиге – 2022-жылдын 27-февралына дайындады.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38-беренесине, 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКнын 2021-жылдын 13 жана 14-декабрындагы токтомдору менен Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн жок деп таанылган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү