Бир мандаттуу 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
12 декабря 2021
2021-жылдын 11-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өттү деп таап, анын жыйынтыктарын аныктады.
Тиешелүү округдардын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп табылды:
- № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Элмурза Ракиевич Сатыбалдиев;
- №10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Төлөнов Данияр Эрмекович;
- № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
- № 35 Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич.
ОШК шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо БШК келип түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган.
Жыйында ошондой эле укук коргоо органдарынын компетенциясына кирген укук бузуулар тууралуу сигналдарды текшерүү жана иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ЫАККТ маалыматы берилди:
1. Ала-Бука шайлоо округунун шайлоочуларынын арызы боюнча талапкер А. Турсунбаевдин шайлоо өнөктүгүнүн үгүт эрежелерин бузуу, административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочулардын добушун сатып алуусу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.
Ала-Бука районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы массалык иш-чарада талапкер тарабынан сыйлыктарды тапшыруу боюнча Ала-Бука районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш курамынын жоктугунан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын билдирди. Талапкердин үгүт иш-чараларына баш ийген кызматкерлердин катышуусун уюштуруу максатында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан мектептердин биринин директоруна карата административдик ресурс колдонулгандыгы боюнча мыйзам бузуу белгилери жоктуктан улам, муну номенклатуралык иштин эсебине которуу чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда бул фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ала-Бука районунун прокуратурасынын берилген сунушу менен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги ээлеген кызматынан бошотулган.
Ала-Бука районунун прокурорунун орун басарынын берген маалыматына караганда, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жана номенклатуралык ишке чыгаруу боюнча кабыл алынган чечимдерине көзөмөлдүк кылуу үчүн иликтөөнүн жыйынтыгында алар негиздүү деп табылды.
2. Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин талапкер Д.Төлөновго карата арызы каралды. Арыз ээлери талапкердин шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгына байланыштуу аны каттоону жокко чыгарууну жана шайлоо округу боюнча шайлоочулардын добуштарын кайра санап берүүнү өтүнүштү.
Добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалымат КР ИИМдин компетенциясына караштуу болгондуктан, ЫАККТ аркылуу жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү 2021-жылдын 28-ноябрында талапкердин жакындары тарабынан добуш сатып алуу фактылары тастыкталбагандыгына жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына байланыштуу тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында, маалымат номенклатуралык иштин эсебине чыгарылган.
Ушунун негизинде БШК талапкер Д.Төлөновду каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздердин жоктугуна жана добуштарды кайра саноо негизсиздигине байланыштуу арыздагы талаптарды канааттандыруудан баш тартты.
КР БШК Маалымат бөлүмү