Башкы Жаңылыктар Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын …

Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

11-Дек, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады.

Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:

- бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Алтынбеков Айбек;

- бир мандаттуу № 16 Ноокен шайлоо округу боюнча Сыдыков Бактыбек Усенович;

- бир мандаттуу № 22 Жайыл шайлоо округу боюнча Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;

- бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Ханджеза Карим Лемзарович;

- бир мандаттуу № 7 Ош шайлоо округу боюнча Осмонов Айбек Жапарович;

- бир мандаттуу № 28 Октябрь шайлоо округу боюнча Бекешев Дастан Далабайевич;

- бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Бакасов Улан Болотбекович;

- бир мандаттуу № 8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Алимбеков Нурбек Каарыевич.

ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.

Ошондой эле Ноокен шайлоо округундагы бузуулар тууралуу билдирүүлөр боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. ИИМ өкүлү билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча жазыктын жана жоруктун курамы болбогондуктан, сотко чейинки өндүрүш токтотулду.

Төлөйкөн шайлоо округу боюнча талапкер тараптан сатып алуу жөнүндө билдирүүнү териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын прокуратура органдарынын өкүлү чыгып сүйлөдү. Берилген маалыматка ылайык териштирүү токтотулду, прокуратура ички иштер органдары тараптан талапкерге карата териштирүүнү токтотулгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү болгон деп тааныды.

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылынын мыйзамдарга ылайыктыгын текшерүү жыйынтыктары боюнча өз корутундусун берди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>