Башкы Жаңылыктар Түрк мамлекеттер уюмунун Миссиясы: Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоо …

Түрк мамлекеттер уюмунун Миссиясы: Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоо эл аралык деӊгээлдеги шайлоо стандарттарына жооп берди

30-Ноя, 2021

Түрк мамлекеттер Уюмунун байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү 

Миссиянын жетекчиси – Гизмат Гозалов

Түрк тилдүү мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Миссиясы Уюмдун Катчылыгынын жана мүчө-мамлекеттердин расмий адамдарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү.

Парламенттик шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык ийгиликтүү жүргүзүлдү. Андыктан, биз Кыргыз Республикасын жана боордош кыргыз элин куттуктайбыз жана шайлоонун жыйынтыктары өлөкөнүн өсүп-өнүгүшүн мындан ары да бекемдешин каалайбыз.   

Шайлоо алдындагы байланыштардын алкагында Миссия саясий партиялардын үгүттөө жүргүзүү процесси жана шайлоого даярдыгы менен таанышуу максатында талапкерлер жана алардын өкүлдөрү менен шайлоо алдындагы өнөктүгүндө жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушууларда делегация жаӊы шайлоо тутумун, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүнүн негизги платформаларын, алардын ММКда чагылдырылышын, өнөктүктү каржылоо менен байланышкан мүмкүн болгон көйгөйлөрүн, шайлоо мыйзамдарынын сапаты боюнча өзгөчө кооптонууларды, анын ичинде жаӊы шайлоо тутумун талкууга алышты. 

Миссиянын байкоочулары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров менен да жолугушту. 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы делегацияга жакында өткөн конституциялык реформа жана ага удаалаш өлкөнүн шайлоо тутумуна киргизилген өзгөрүүлөр, ошондой эле БШКнын иши жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн алардын таасири тууралуу делегацияга маалымат берди. Уланып жаткан COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин эске алуу менен, БШК ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кабыл алынган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берди.   

Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушууда Миссия дипломатиялык өкүлчүлүктү жана консулдук мекемелерди шайлоого даярдоо боюнча ТИМ тарабынан кабыл алынуучу чаралар тууралуу маалымат алды. Алар Кыргызстандын жарандарынын шайлоого катышуусун жогорулатууга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат алышты жана чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны  32 миӊден 84 миӊге чейин, ал эми шайлоо участокторунун саны 2020-жылдын 4-октябрындагы акыркы парламенттик шайлоодон тартып 45тен 59га  чейин көбөйгөнүн белгилешти. 

Миссия шайлоо ченемдик-укуктук базасына жакында киргизилген оӊдоолорду эске алат, алар өлкөнү башкарууда туруктуулукка өзгөчө көӊүл буруу менен, инклюзивдик мамиле аркылуу максималдуу өкүлчүлүктү камсыздоо үчүн, пропорционалдык жана мажоритардык шайлоо тутумдарынын ортосунда теӊ салмактуулукту камсыздоочу аралаш шайлоо тутумун түзүүгө алып келди деп эсептейт.  Миссия алар жолуккан саясий партиялар аралаш шайлоо тутумуна жана шайлоо мыйзамдарына жакында киргизилген өзгөрүүлөргө карата өлкөдөгү реалдуулуктарды эске алуу менен өздөрүнүн оӊ көз карашын билдиргенин белгилеп кетким келет.  

Мындан тышкары, Миссия аялдардын, жаштардын, аз сандагы улуттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын парламентте өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн жаӊы критерийлерди киргизүүгө саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүлүшүн кубаттоо менен кабыл алды.  Жаӊы шайлоо тутумунун мындай талаптары саясатты иштеп чыгууда кыргыз коомчулугунун ар кыл сегменттеринин өкүлчүлүгүн жакшыртат жана аны менен коомчулуктун алдында парламенттин легитимдүүлүгүн чыӊдайт.    

Акыркы парламенттик шайлоодон кийин айтылган күнөөлөөлөргө жооп иретинде, Кыргызстан шайлоолордо форма – 2ни колдонуудан баш тартты, бул көптөгөн саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан көптөн күтүлгөн кадам катары кабыл алынды.  

Айрым кыянаттык менен пайдаланууларга алып келүүчү тутумдагы болгон кычык-кучуктардын баарын жоюу боюнча чараларды көрүү, толук түшүнүктүү. Ошентсе да, Миссия мүмкүн болгон добуштарды жоготуп алууга, муну менен өлкө ичинде өз шайлоо даректерин өзгөртүүгө шайлоочулар үчүн мүмкүнчүлүктү жоуюнун натыйжасында кыргыз коомчулугунун электоралдык мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөтүү катары да кабыл алынаарын айтып кетти. Азыркы учурда кыргыз саясатчылары болочоктогу болуучу шайлоолордо мына ушул эки чектин ортосундагы теӊ салмактуулукту камсыздай ала турган чечимди сунуштайт деп эсептейбиз.   

Чет өлкөлөрдө  жашап жаткан каттоодон өтүшкөн шайлоочулардын санынын өсүшүн жана Кыргызстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө шайлоо участкаларын түзүүнү кызуу кубаттоого алуу менен, Миссия, саясатчылар Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү миӊдеген жарандарын каттоо үчүн кошумча чараларды көрүүсү Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү үчүн абдан пайдалуу болмок, бул Кыргызстанда өтүп жаткан шайлоолорго катышуусуна аларга мүмкүнчүлүк бермек деп эсептейт. Бул кыргыз калкынын саясий өкүлчүлүгүн жогорулатмак, муну менен кыргыз элинин саясатты иштеп чыгуусунда анын эркин чагылдырмак.  

Өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоону кеӊири чагылдырууну шайлоо процессинде маалымдуулуктун жогорулашына көмөк көрсөтүүчү элемент катары белгилеп кетүүгө болот. 

Миссия Бишкектин 16 шайлоо участкасындагы шайлоолорго байкоо жүргүзүдү. Байкоочулардын шайлоо участкаларына кирүүгө толук мүмкүнчүлүккө ээ болушту жана алар расмий адамдардан кеӊири маалымат ала алышты. Шайлоолор шайлоо мыйзамдарына ылайык уюштурулду жана жүргүзүлдү.   

Көчмө урналар шайлоо участкаларына келип добуш бере албагандар үчүн берилди. Мындай учурларда улуттук байкоочуларга добуш берүүчү урналарды коштоп баруусуна уруксат берилди. 

Миссия шайлоочунун тандоосуна таасир этүү аракеттерин байкаган жок жана шайлоо участкаларындагы административдик жана укук коргоо органдарынын ишмердигине кийлигишкен эч бир далилдиктерди көрө алган жок. Шайлоо мыйзамдарына ылайык улуттук жана эл аралык байкоочуларга шайлоого калыс байкоо жүргүзүү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.   

Миссия улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышканын көрдү, бул шайлоонун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатты. Миссия, ошондой эле, шайлоо комиссиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо участкаларында бардык зарыл болгон санитардык чараларды көргөндүгүн белгилеп өттү. 

Миссия шайлоо участкаларында же анын тегерегинде кандайдыр бир ашкере үгүт материалдарын көрө алган жок, ошондой эле шайлоо участкаларынын айланасында эч кандай өнөктүктөр жүргүзүлгөн жок. Шайлоо участкалары, негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болду деп эсептейт.   

Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү кандайдыр бир олуттуу техникалык көйгөйлөрдү көрө алган жок. 

Жыйынтыгында, Түрк мамлекеттер Уюмунун байкоочуларынын Миссиясы Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоолор ачык, таза өтүп, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык деӊгээлде кабылданган шайлоо стандарттарына жооп бергенин тастыктайт.  

Миссия мүчө-мамлекеттерге жана тийиштүү эл аралык уюмдарга парламенттик шайлоолор боюнча өзүнүн берген баасы жана сунуштары менен жакынкы күндөрү  бөлүшмөкчү.  

Биз Кыргызстанды жана кыргыз элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен дагы бир жолу куттуктайбыз жана шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн жыргалчылыгын андан ары жогорулатууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.  

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>