БШК «Кыргызстандын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
08 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстадын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Махмутова Сакура Махматсабыровнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим С. Махмутованын «Кыргызстадын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
0 (770) 660240
