Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 147 509 628 сом түштү
11 ноября 2021
БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.
Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:
- 1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
- 100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
- 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
- 3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
*«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүлүшү мүмкүн.
Шайлоого 21 саясий партия катышууда.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2021-жылдын 10-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 147 509 628 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунын каражаттарынан жабууга 124 453 617 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):
с/п № |
Саясий партиянын аталышы |
Түшкөн каражат |
Чыгымдалышы |
1 |
«Ата Мекен» |
4 722 550 |
4 005 023 |
2 |
«Бүтүн Кыргызстан» |
8 868 700 |
7 445 855 |
3 |
«Альянс» |
16 561 875 |
15 436 457 |
4 |
«Легалайз» |
1 058 000 |
1 038 017 |
5 |
«Ыйман Нуру» |
3 137 241 |
2 751 771 |
6 |
«Күчтүү регион» |
1 050 250 |
1 000 150 |
7 |
«Багыт» |
1 143 090 |
1 030 300 |
8 |
«Ынтымак» |
14 611 184 |
10 419 237 |
9 |
«Ишеним» |
23 060 541 |
21 596 455 |
10 |
«Азаттык», |
7 159 708 |
5 449 371 |
11 |
«Мекенчил Эл» |
2 851 610 |
2 839 016 |
12 |
«Кыргызстандын жашылдар партиясы» |
1 065 000 |
1 035 140 |
13 |
«Жашасын Кыргызстан» |
1 026 150 |
1 000 150 |
14 |
«Социал-демократтар» |
3 532 990 |
3 317 132 |
15 |
«Аруузат» |
1 177 700 |
1 147 200 |
16 |
«Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» |
1 753 840 |
1 648 824 |
17 |
«Улуттар Биримдиги» |
4 214 562 |
3 808 522 |
18 |
«Эл Үмүтү» |
16 187 340 |
14 210 629 |
19 |
«Ордо» |
1 240 000 |
1 211 870 |
20 |
«Улуу-Журт» |
1 216 200 |
1 193 239 |
21 |
«Ата-Журт Кыргызстан» |
31 871 097 |
22 869 259 |
|
БААРДЫГЫ: |
147 509 628 |
124 453 617 |
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү