Башкы Жаңылыктар КР ЖК депутаттарын шайлоодо 23 партия талапкерлердин тизмесин …

КР ЖК депутаттарын шайлоодо 23 партия талапкерлердин тизмесин көрсөтөөрүн билдиришти

15-Окт, 2021

2021-жылдын 13-октябрына карата парламенттик шайлоого катышуу каалоосун билдирген 73 саясий партиянын ичинен 26 саясий партия съезддерди өткөрүү жөнүндө КР БШКга кабарлаган, анын ичинен 3 партия эки жолу съезд өткөргөн. Жалпысынан 23 партия көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери тууралуу билдирген.

Саясий партиялар каттоо үчүн документтерин 2021-жылдын 18-октябры саат 18: 00гө чейин тапшыра алышат. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата - Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиялары 13-октябрда каттоого көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринин документтерин анын ичинде “Электрондук талапкер” системасы аркылуу да тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер жөнүндө маалымат

№

Саясий партиялардын аталышы

Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны

эркек

аял

Майып-н саны

Биринчи 25 саны

35 жаштан ашпаган-н саны  

 

Биринчи 65 саны

Башка улутт- саны

Биринчи 65 саны

 

 

5 с/п талапкерлер тизмесин беришти

270

 

184

86

11

4

56

28

44

17

1

Бүтүн Кыргызстан

54

34 (63%)

20 (37%)

2

1

14 (26%)

4

10 (19%)

3

2

Социалистическая партия “Ата Мекен”

54

36 (67%)

18 (33%)

2

1

14 (26%)

6

9 (17%)

3

3

Ишеним

54

38 (70%)

16 (30%)

2

1

9 (17%)

6

8 (15%)

3

4

Ынтымак

54

38 (70%)

16 (30%)

2

1

(10 (19%)

7

8 (15%)

3

5

Улуттар Биримдиги

 

54

38 (70%)

16 (30%)

3

1

9 (17%)

5

9 (17%)

5

 

Бардыгы: 75 с/п шайлоого катышууну билдиришти, алардан 2с/п каттоодон баш тартылды (Эркин Кыргызстан, Эне жүрөгү-Мекен)

 

Жыйынтыгында: 23 с/п талапкерлер тизмесин көрсөтүүнү билдиришти

Жыйынтыгында: 20 с/п шайлоого катышууну билдирип, кийин шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришти

Жыйынтыгында: 30 с/п мурда катышууну билдирип, бирок 13.10.21ге карата шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен жок, алардын ичинен 6 с/п шайлоо фондун түзгөн жок

 

1. Улуттар Биримдиги

2. Ишеним

3. Альянс

4. Кыргызстандын Жашылдар партиясы

5. Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы

6. Ата Мекен

7. Ыйман Нуру

8. «Эл үмүтү» социалдык-саясий партиясы

9. Азаттык

10.Ынтымак

11. Ак Асаба

12. Күчтүү регион

13. Бүтүн Кыргызстан

14. Аруузат – Эл Куту

15 Ата-Журт Кыргызстан

16. Мекенчил Эл

17. "ОРДО"

18. Кыргызстандын "Багыт" либералдык-демократиялык партиясы

19. “Жашасын Кыргызстан”

20. “Улуу-Журт”            

21. "ЛЕГАЛАЙЗ"

22. “Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы"

23. «Социал Демократтар»

 

1. Бийлик Элге (Власть народу)

2. Ар-Намыс

3. Аалам

4. Ак Бата

5. Социалист

6. Бирге-Вместе

7. «Биздин Эл» «Наш Народ»

8. "Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”

9. "Эмгек Партиясы"

10. “Чон Казат”

11. "Либералдык-Прогрессивдүү Партия"

12. "Кыргызстан элдеринин конгресси"

13. "АШАР-Алтан"

14. “Жаратман Эл”

15. “Элдик Партия” “Народная Партия”

16. “Народная Партия” “Моя отчизна” "Менин Мекеним "Элдик Партиясы"

17. “Замандаш”

18. “Акшумкар”

19. "Айкол Кыргызстан"

20. "Кыргызстандын "Баба Дыйкан" фермер-дыйкандарынын партиясы”

 

1. Актив

2. Акыйкат Кыргызстан

3. Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы

4. “Күч биримдикте” (Сила в единстве) социалдык-саясий партиясы

5. Жаңы Мезгил

6. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”

7. АДИЛЕТ

8. Жаңы ЭРА

9. “Келечек-Будущее”

10. Асыл-Мурас Жаштар"

11. "Улутман" республикалык партиясы

12. "Аманат"                

13. “ТУРАН”

14. "Адам укугу"                 

15. "Элдик аракет партиясы (Партия народного действия)”

16. "Эгемен Кыргызстан"

17. "Кыргызстандын "ТЫНЧТЫК" элдик патриоттук партиясы

18. "Элдик контроль"

19. "Кыргызстандын дыйкан (фермердик) партиясы"

20. "Чындык"

21. "Мурас"

22. "Ак-Шам" Мекен жана жаратман партиясы”

23. "Кыргызстан элдеринин шериктештиги"

24. Кыргызстан

25. Тилектештик

26. Реформа

27. НУР

28. Ак-Санат

29. Ак-Ниет

30. Асаба

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>