Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарын бузууга чара көрүү боюнча окутуу өткөрүлдү
10 октября 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Бишкек шаарында окутуу өткөрдү.
Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды. Жолугушууда шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алуу жана ага каршылык көрсөтүү боюнча шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттеринин алгоритми талкууга алынды.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.
Анын айтуунча, Кыргызстанда талапкерлердин бирдей катышуусу менен демократиялык форматта шайлоо өткөрүүгө эрк бар. 2020-жылы октябрда болгондой бузууларга карата чара көрүлбөй калуусун кайталабоо эӊ маанилүү, анткени ал шайлоо процессинин мыйзамдуулугуна ишенбөөчүлүккө алып келген. Алдыда боло турган парламенттик шайлоодо бузууларга карата чара көрүүлөр калыс болуш керек. Укук коргоо органдарыөз ишмердигинде мөөнөттөрдү эске алуулары зарыл – шайлоо процесси кыска мөөнөттүү, шайлоонун ар бир этабында өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана өзүнүн милдеттери бар.
Талапкерлерди каттоо учурунан тартып эӊ активдүү этап башталат, бул – үгүттөө этабы, ал 2021-жылдын 27-ноябры, саат 8.00гө чейин созулат. Негизги күн – 28-ноябрь, добуш берүү күнү, бул учурда участкадагы кандай гана үгүт иштери болбосун шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу деп эсептелет жана добуш сатып алуу сыяктуу эле кесепттүү таасирге ээ.
Катышуучуларга, ошондой эле, бир мандаттуу округдар боюнча аталган участкада 2021-жылдын 30-августуна чейин, башкача айтканда, добуш берүү күнүнө чейин 90 күн калганда каттоодон өткөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү гана добуш бере ала тургандыгы маалымданды.
Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Жоруктар тууралуу Кодексинде жана Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинде жоопкерчилик каралган деп айтылды. Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар бардык жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды жана билдирүүнү кабыл алып, каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Арыз берүүчүгө кабыл алынган кылмыш тууралуу арызы же билдирүүсү, аны каттоого алган убактысы жана каттоо номери тууралуу, каттоого алган адамды көрсөтүү менен документ берилет.
Жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашырып коюу Кылмыш кодексинин 377-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат (50 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин айып пул төлөө, эки жылга чейин эркинен, белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу).
Жаранга өзүнүн шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүү купуялыгын бузуу кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү иштери менен, же 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч менен айып пул төлөтүү аркылуу жазаланат.
Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан шайлоо комиссиясынын же шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердигине кийлигишүү аркылуу, анын ичинде кызмат абалынан пайдаланып алардын чечимине таасир этүү максатында шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жаратуу, атап айтканда, кызматтагы адамдын талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын добуштарын саноо жана башка маселелер боюнча талап кылуусу же көрсөтмө берүүсү, же ишти атайылап бузуусу же шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалыматтык тутумдардын маалыматтарын жокко чыгаруу, жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү иштери менен же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат.
Төлөп берүү же акча каражатын таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызматты алууга же башка жыргалчылыктарга жетишүүгө өбөлгө түзүү, ошондой эле шайлоо өтүп жаткан мезгилде эл алдында убада берүү аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер тарабынан, ошондой эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана анын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан мындай иштин жасалышы 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен же беш жылга чейин эркинен ажыратуу аркылуу жазаланат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү