Башкы Жаңылыктар Саясий партиялар талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддерди өткөрүүдө

Саясий партиялар талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддерди өткөрүүдө

12-Окт, 2021

 

Шайлоо процессинин алкагында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого саясий партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддерди өткөрүүдө.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча талакерлерди көрсөтүү шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганга чейин – 2021-жылдын 13-октябрын кошо алганда аяктайт. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси съездде саясий партиялар тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтүлөт. 

Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө добуш берүүнүн жашыруун процедураларынын сакталуусун камсыздоо үчүн жоопкерчилик саясий партияга жүктөлөт. 

Талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездинде Борбордук шайлоо комиссиясынын, Жумушчу топтун мүчөлөрү катышууга укуктуу. 

БШК саясий партияларга 54 талапкерден ашпаган санда бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин түзүүдө төмөнкү талаптарды эске алуу зарылдыгын эскертет: 

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;  

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;  

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер көрсөтүлүп жаткан шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде ишке ашырылат.  Талапкерди көрсөтүү тууралуу чечим жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. 

Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

Бүгүнкү күндө бир катар саясий партиялар бирдиктүү шайлоо округуна талапкерлерди жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддерди өткөрүүнүн орду жана датасы тууралуу БШКга билдиришти.  

№

Саясий партиялардын аталышы

С/п съезд өткөрүү датасы жана убактысы

1

«Социал-демократтар»

7-октябрь, 2021-жыл, саат 15.00.

2

«Бүтүн Кыргызстан»

9-октябрь, 2021-жыл, саат 10.00.

3

 «Ата Мекен» социалисттик партиясы

9-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

4

«Күчтүү регион»

9-октябрь, 2021-жыл, саат 14.00.

5

«Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн «Ыйман Нуру»

9-октябрь, 2021-жыл, саат 15.00.

6

«Азаттык» демократиялык партиясы»

10-октябрь, 2021-жыл, саат 10.00.

7

«Ата-Журт Кыргызстан»

10-октябрь, 2021-жыл, саат 10.00.

8

«Улуттар Биримдиги Элдик партиясы»

11-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

9

«Аруузат – эл куту партиясы»

11-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

10

«Ынтымак»

11-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

11

 «Ата Мекен» социалисттик партиясы

Кайталануучу съезд

11-октябрь, 2021-жыл, саат 15.00.

12

«Ишеним»

11-октябрь, 2021-жыл, саат 17.00.

13

«Кыргызстандын Жашылдар Партиясы»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 10.00.

14

«Бирдиктүү Кыргызстан патриоттук партиясы»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 10.00.

15

«АЛЬЯНС»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

16

«ОРДО»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 11.00.

17

«Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн «Ыйман Нуру»

Кайталануучу съезд

12-октябрь, 2021-жыл, саат 12.00.

18

«ЛЕГАЛАЙЗ»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 14.00.

19

«Жашасын Кыргызстан»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 17.00.

20

«Кыргызстан»

12-октябрь, 2021-жыл, саат 17.00.

21

Улуу Журт

12-октябрь, 2021-жыл, саат 17.00.

22

«Багыт» Кыргызстан Либералдык-Демократиялык партиясы

12-октябрь, 2021-жыл, саат 22.00.

23

«Элдин Үмүтү социалдык-саясий партиясы» 

12-октябрь, 2021-жыл, саат 11.30.

24

«Ак Асаба»

13-октябрь, 2021-жыл, саат 14.00.

25

«Мекенчил эл»

13-октябрь, 2021-жыл, саат 13.00.

26

«Социал-демократтар»

13-октябрь, 2021-жыл, саат 15.00.

27 "Кыргызстандын Жаштар прогрессивдүү партиясы" 13-октябрь, 2021-ж. саат 15.00

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>