Башкы Жаңылыктар КР БШК кээ бир шайлоо округдарынын чек араларын …

КР БШК кээ бир шайлоо округдарынын чек араларын өзгөрттү

15-Сен, 2021

2021-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

токтомго тиркемеде:

- 2-пунктта бешинчи абзацтан 13 абзацты кошуп алгандагы абзацтар төмөнкү редакцияда баяндалсын:

№4 Көк-Жар шайлоо округу

№5 Ноокат шайлоо округу

№6 Араван шайлоо округу

№7 Ош шайлоо округу

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

№9 Кара-Суу шайлоо округу

№10 Куршаб шайлоо округу

№11 Алай шайлоо округу

№12 Өзгөн шайлоо округу»;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары №4төн тартып №12ге чейин (кошуп алганда) төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«№4 Көк-Жар шайлоо округу

Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 80426

Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен; Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.

№5 Ноокат шайлоо округу

Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 82006

Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, № 5401, № 5525, № 5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет.

№6 Араван шайлоо округу

Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 91029

Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.

№7 Ош шайлоо округу

Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты

Шайлоочулардын саны: 110685

Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет.

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 118551

Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен; Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет.

№9 Кара-Суу шайлоо округу

Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 100604

Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.

№10 Куршаб шайлоо округу

Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Шайлоочулардын саны: 112847

Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет.

№11 Алай шайлоо округу

Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 115944

Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен; Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет.

№12 Өзгөн шайлоо округу

Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Шайлоочулардын саны: 90047

Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет»;

«№31 Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөр «№31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөргө алмаштырылсын.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 14-сентябрындагы №2 чечимин эске алып кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>